Редакцияот 15.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХXIV сессиясынын

 

2024-жылдын 15-майы № 34/1

А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан Тегирмеч участкасындагы №2 контурундагы 0,07 га жер аянтына макулдук берүү жөнүндө

А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Анарбай уулунун  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы

                                                                                                                                      

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан Тегирмеч участкасындагы №2 контурундагы 0,07 га жер аянтын Мыйзамда белгиленген тартипте  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
  2. Аталган контурда жайгашкан малдын жолу (скотопрогона) бузулбастан өтүү жагы каралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

    

Төрага

 

Т.Галботоев