Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХXV сессиясынын
2024-жылдын 7-июну № 35/1
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Исажановдун 2024-жылдын жергиликтүү бюджети боюнча бир жылдык планга карата билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Исажановдун билдирүүсү эске алынсын, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашалар бөлүгүнүн өзгөртүү, толуктоолору №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |