Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-августу № 475
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттун үчүнчү абзацында ", финансылык полициянын" деген сөздөр алып салынсын;
- 39-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- коргоо, чек ара кызматы, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук органдары, жаза аткаруу системасынын органдары жана мекемелери, ички иштер органдары, прокуратура, бажы органдары, атайын байланыш кызматы системасында, ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызматта кызмат өтөгөн мезгили;";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктта ", финансылык полициянын" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын калкын жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же эгерде арыз ээси каза болгондугу жөнүндө күбөлүктү белгиленген 3 жумуш күндүк мөөнөттө ала элек болсо, адамдын каза болгондугун констатациялоо жөнүндө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген медициналык маалымкат эсептелет.";
- 7-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кызматкер каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн арыз ээси иш берүүчүгө эркин формадагы арызды, каза болгон адамдын идентификациялык жеке номерин (мындан ары - ИЖН) жана адамдын каза болгондугун констатациялоо жөнүндө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген медициналык маалымкаттын көчүрмөсүн же каза болгондугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкын жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген күбөлүктүн көчүрмөсүн берет.";
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- каза болгондугу жөнүндө актыдагы жазуулардын маалыматтары/адамдын каза болгондугун констатациялоо жөнүндө медициналык маалымкаттын маалыматтары;";
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду алуу үчүн каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же адамдын каза болгондугун констатациялоо жөнүндө медициналык маалымкат берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен кайрылса, ал дайындалат жана төлөнөт.
Эгерде каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же каза болгондугун констатациялоо жөнүндө медициналык маалымкат берилген күндөн тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде арыз ээси/иш берүүчү аймактык бөлүмгө жүйөлүү себептер менен (катуу оору, аракетке жөндөмсүздүк, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал, күбөлүк берүүнү кечиктирүү, соттук териштирүүлөр, камкорчулукту/көзөмөлчүлүктү белгилөө, жашаган жерин алмаштыруу, каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү) кайрыла албаса, анда өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими жокко чыгарылгандан кийин алты айдан кечиктирбестен кайрылганда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындалат жана төлөнөт.
Ошол эле учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жөнүндө чечим төлөмдү каржылоочу орган - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан кабыл алынат.";
- 19-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Арыз ээси адамдын каза болгондугун констатациялоо жөнүндө медициналык маалымкат же каза болгондугу жөнүндө күбөлүк болгондо үч жумуш күндүн ичинде расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алууга укуктуу.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А. А.Касымалиев |