Редакцияот 31.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVII сессиясы

 

2023-жылдын 31-июлу № 17/87

Административдик-аймактык реформа жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, 2023-жылдын 26-июлундагы Ак-Суу айыл аймагынында жалпы жыйындын жүрүшүндө административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө элдин пикирин угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорудагы жалпы элдик жыйындын катышуучулардын ой пикирлерин эске алуу менен, Административдик-аймактык реформа жөнүндө жарлыгын аткарууда Аксы райондук мамилекеттик администрациясы, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн коңшу айыл өкмөттөрүнө аймактык реформа жүргүзүүгө макул эмес.

2. Ак-Суу айыл аймагынын экономикалык абалы жана географиялык шартына байланыштуу Ак-Суу айыл өкмөтү өзгөртүлүүсүз калтырылсын.

3. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

У.А.Курманбеков