Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-июлу № 416
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 6-пунктуна, "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 42-46-пунктчалар менен толукталсын:
"42) мамлекеттик текшерүүдөн өткөн Кыргыз Республикасынын асыл тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмектерин;
43) мамлекеттик каттоодон (кайра аттестациялоодон) өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмектерин;
44) аквакультура жана балык уулоо максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүн пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону;
45) чарбалык иштин натыйжасында мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүндөгү балык запастарына жана суудагы омурткасыздарга келтирилген зыяндын өлчөмүн эсептөө методикасын;
46) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине берүү тартибин.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |