Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2023-жылдын 18-сентябры № 18/89

Ак-Суу айыл аймагынан Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 18-сентябрындагы №01-6/357-чыгыш каты менен сунушталган маселелерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 26-июлундагы №06-2/8383-сандуу жана Аксы районунун жалпы дарыгердик практика борборунун 2023-жылдын 18-сентябрындагы №01-12/609-сандуу чыгыш каттарын эске алуу менен, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-пунктунун жана "Мулккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6- беренесин жетекчиликке алып, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл аймагынын Төө-Басты айылында жайгашкан Ак-Суу филиалдык-аймактык ооруканасынын жер тилкесинен Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын куруу үчүн 200м² жер аянтын мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн токтом чыгарып, Ак-Суу айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке бекитип берүү жагы Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары У.Эпеевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

У.А.Курманбеков