Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 19-июлу № 1
«Шарк айыл өкмөтүнүн 2022 – жылга бекитилген
жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Шарк айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 19-июлуна карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча маалыматтарды угуп, жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктолорду киргизүү маселеси тийиштүү адистер менен такталганып, айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комитетинин экинчи отурумда каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-статьясын жетекчиликке алуу менен Шарк айылдык Кеңеши,
Токтом кылат:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы киреше бөлүгүнө бекитилген бюджеттеги айыл чарбага арналган жер салыгына республикалык бюджеттен бюджеттик жоготуулар үчүн келип түшкөн компенсация 551500 (беш жүз элүү бир миң беш жүз) сом төмөндөгү тармактын статьясына отургузулсун:
-70629 «Турак – жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын 2215 статьясына - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна мүчөлүк акысына 50,0 миң сом жана “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жана камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү” ААКсы айыл өкмөтүнүн балансасындагы бюджеттик мекемелердин мүлктөрүн камсыздандыруу жана ПСД – архитектуралык иш кагаздарды даярдоо үчүн – 301,5 миң сом. 3111 статьясына – Ташлак айылындагы Козубаев көчөсүнө асфальт төшөө үчүн - 200,0 миң сом болуп, жалпысынан – 551,5 миң сом болуп берилсин.
2. 2022-жылдын 1-жарым жылдыгында бекитилген киреше салыгынан 2600,0 миң сом жана айыл чарбасына жараксыз жерлерди (негизги капиталды) сатуудан пландан ашыкча түшкөн 700,0 миң сом болуп, жалпысынан 3300,0 миң сом акча каражаттарын төмөндөгү тармактын статьясына отургузулсун:
-70111 “Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдары боюнча каражаттары” тармагынын: 3112 статьясына – 400,0 миң сом,
-70629 «Турак – жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын 2215 статьясына – 850,0 миң сом жана 3111 статьясына – 1270,0 миң сом болуп, бардыгы – 2120,0 миң сом.
-70921 «Билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын 2215 статьясына – 180,0 миң сом жана 3112 статьясына – 600,0 миң сом болуп, бардыгы – 780,0 миң сом.
3. Шарк айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинде эконом болуп калган акча каражаттарын зарыл болгон жумуштарды аткаруу максатында төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-70111«Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдары боюнча каражаттары» тармагынын: 3112 статьясы эсебинен – 200,0 миң сом,
-70629 «Турак – жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын 2215 статьясы эсебинен – 575,0 миң сом, 2221 статьясы эсебинен – 200,0 миң сом болуп, бардыгы – 775,0 миң сом.
-70823 «Маданият сарайлары жана үйлөрү, клубдар боюнча каражаттары» тармагынын 2221 статьясы эсебинен -100,0 миң сом жана 3111 статьясы эсебинен -250,0 миң сом болуп бардыгы – 350,0 миң сом.
-70825 «Маданият боюнча башка иш чаралар» тармагынын 2215 статьясы эсебинен – 285,0 миң сом,
-70911 «Мектепке чейинки билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын 3111 статьясы эсебинен -350,0 миң сом,
-70921 «Билим беруу боюнча каражаттары» тармагынын 3111 статьясы эсебинен – 200,0 миң сом болуп, жалпысынан – 2160,0 миң сом кыскартылып төмөндөгү тармактардын статьяларына отургузулсун.
-70629 «Турак – жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын: 3111 статьясына 1360,0 миң сом.
-70921 «Билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын 2221 статьясына – 360,0 миң сом, 2234 статьсына – 90,0 миң сом жана 3112 статьясына - 350,0 миң сом болуп бардыгы – 800,0 миң сом.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы | С. Абзалов |