АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2023-жылдын 18-сентябры № 18/90
Ак-Суу айыл аймагынын учурдагы муктаждыктарына байланыштуу керектелүүчү акча каражаттары жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, Ак-Суу айылынын тургундарынан жана мекеме-ишканаларынан келип түшкөн кайрылуулары, арыздары боюнча талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын учурдагы муктаждыктарына байланыштуу керектелүүчү акча каражаттарын камсыз кылуу максатында 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин торуктардын негизинде экономдолгон сумманы беренелерге жылдыруу жагы айыл өкмөттүн буйругунун негизинде каралсын.
2. Коргон-Дөбө айылынын Ж.Шерказаков көчөсүнө шагыл төшөөгө 1,800 (бир миллион сегиз жүз миң) сом
- Коргон-Дөбө айылынын Алты-Эркеч участкасындагы сугат суу өтүүчү түтүкчөнү жолдун үстүнөн алып өтүү үчүн 147500 (бир жүз кырк жети миң беш жүз) сом
- О.Асанов маданият үйүнүн эшик терезелерин алмаштыруу боюнча долбоор райондук өнүктүрүү фондуна өткөдүгүнө байланыштуу өздүк салым 452000 (төрт жүз элүү эки миң) сом
- Айыл окмөттүн балансындагы техникаларына тетиктерин сатып алууга 60000 (алтымыш миң) сом
- Айыл өкмөтүнүн транспорт чыгымдары үчүн күйүүчү жана майлоочу май алууга 323000 (үч жүз жыйрма үч миң)сом
- Скважина куруу үчүн долбоорлорду даярдоого 200 миң (эки жүз миң) сом
- А.Осмонбеков атындагы №2 жалпы билим берүүчү орто мектебинин таза суу үчүн 53010 (элүү үч миң он) сом
- Төө-Басты айылынын Оро-Терек участкасына таза суу түтүкчөсүн тартуу максатында 85000 (сексен беш миң) сом
- Ак-Суу айылдык Ф-13-14 китеп каналарына жана ФАП тарга интернет байланыш орнотуу максатында керектелүүчү каражат бөлүнүп берилсин
- Мектепке келүүчү китептердин транспорт чыгымдарын жылына бир жолу төлөп берилсин.
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Изираил уулу Тыналыга милдеттендирилсин.
Төрага | У.А.Курманбеков |