Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 19-июлу № 3
Медресе айылынын №5 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Алиев Суранбайдын наамын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Медресе айылынын №5 көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Шарк айылдык Кеңешинин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетинин сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
Токтом кылат:
1. Медресе айылынын №5 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Алиев Суранбайдын наамы ыйгарылсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 "Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө” токтому менен чектелген мөөнөттөн кийин 2023-жылдын 1-январынан баштап ишке ашырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы | С. Абзалов |