Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 19-июлу № 5
Шарк айылында, Ачы массивинде
көрүстөндөрдүн аянттарын бекитүү жөнүндө
Шарк айылындагы «Сары Мазар» көрүстөнү толуп калганына байланыштуу Ачы массивинде жаңы көрүстөндү ачуу муктаждыгынан Шарк айылдык кеңешинин Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген маалыматын эске алып, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
Токтом кылат:
1. Шарк айылындагы №170 контурунан 5,0 (беш) гектар жер аянты жана Ачы массивиндеги №25а жер контурунан 12,0 гектар жер аянты көрүстөн катары колдонууга бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык Кеңешинин Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы | С. Абзалов |