Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 19-июлу № 6
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы №25 мекемесин Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына которуу максатында 5 гектар жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн кайрылууларынын негизинде Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
Токтом кылат:
1. Ачы массивиндеги 5,0 гектар жер аянты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы №25 мекемесин которуп келүүгө бөлүнүп берилсин.
2. Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы (У.Батыров) Шарк айылдык аймагынын 117 гектар жер аянтын трансформациялоо иштерин тездетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кайрылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык Кенешинин Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы | С. Абзалов |