АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2023-жылдын 18-сентябры № 18/94
Комерциялык багытта сураган жер тилкеси жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын тургун Айманбетов Келсинбек комерциялык багытта сураган жер тилкеси ӨКМ корутундуга негиз атайын комиссиянын кароосунда каралсын.
2. Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылынын тургун Нурланбек кызы Сайкал комерциялык багытта сураган жер тилкеси атайын комиссиянын кароосунда каралсын.
3. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевке жүктөлсүн.
Төрага | У.А.Курманбеков |