Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2023-жылдын 18-сентябры № 18/96
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытында сураган жер тилкеси жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынынАк-Сай айылынын тургуну Үмөт уулу Бегжан арызына негиз өз пайдалануусуда турган короосунун ичинен 1 (бир)га жер аянтын жашылдандырууга айыл өкмөт менен ижара келишимдин негизинде берүү жагы каралсын.
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевке жүктөлсүн.
Төрага | У.А.Курманбеков |