АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 19/102
Ак-Суу айыл аймагында административдик аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө
КР Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы «КР Президентинин админстративдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» №350 Жарлыгын, КР Министрлер Кабинетинин төрагасы- КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 28-июлунда №20-12 протоколунун 5-пунктун аткаруу максатында 2023-жылдын 21-августунда №250-б буйругу менен түзүлгөн комиссиянын 2023-жылдын 21-сентябрында Аксы районунун мамлекеттик администрациясында өткөн отурумунун №1 протоколун угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагын өзүн калтыруу жактырылсын .
2. Ак-Суу айыл аймаганына караган Мор-Булак айылы географиялык жайгашуусу боюнча жакындыгы белгиленип жашоочуларынын үлүш жер тилкелери, кышкы жайыт аянттары менен Үч-Коргон айыл аймагына бириктирүү жагы каралсын «КР Президентинин админстративдик- аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» ПЖ №350 Жарлыгында белгиленген саясат колдоого алынсын.
3. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары У.Эпеевге жүктөлсүн.
Төрага | У.А.Курманбеков |