АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 19/103
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байлынышын чындоо максатында. КР Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" № 215 Жарлыгы жана Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы "Элдик Курултайга КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин НУСКАМАСЫ жөнүндө" карап жана талкуулап чыгып, Ак-Суу айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2023-жылдын 15-ноябрына саат 10-00го О.Асанов маданият үйүнө чакырылсын.
2. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык -50 делегаттан турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 17-октябрдан 22-октябрга чейни графикке ылайык өткөрүлсүн (№ 1-тиркеме) өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнүүсү эскертилсин.
5. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жана жумушчу топтун курамы 5 адамдан бекитилсин (№ 2-тиркеме).
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин
7. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары У.Эпеевге жүктөлсүн.
Төрага | У.А.Курманбеков |
| Тиркеме № 1
Ак-Суу айылды кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы №19/103 токтому менен бекитилген
|
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарды көрсөтүү
боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын)
ГРАФИГИ
№ | Өткөрүлүүчү орду | Убактысы | Калкытын саны | Делегат Тардын саны | Жооптуулар | |
күнү | сааты | |||||
1 | Ак-Сай айылы -Дөкүрдө -Тыт-Мышык -Центр | 17.10 |
10-00 13-00 15-00
| 2067 800 600 667 | 15 7 5 3 | Үрүсбаев Султанбек жетекчи Ашырбеков Шакирбек Бекмуратов Самаган Надырбеков Туратбек Нургазы уулу Шайыр
|
2 | Ыман-Ата айылы -Г.Сооронбаева көчөсүндө -Интернат | 18.10 |
10-00
12-00 | 1385 750
635 | 10 6
4 | Өмүралиев Нурлан жетекчи Таштаналы уулу Арстан Шаршеналы уулу Мадамин Бейшебаева канчайым
|
3 | Төө-Басты айылы -Тегирмен -Төрөкулов кочөсүндө | 19.10 |
10-00 14-00 | 1563 800 763 | 10 6 4
| Төрөкулов Калдар жетекчи Нарыналы уулу Калмурат Чойбекова Тинатин Бакоева Назира |
4 | Коргон-Дөбө -мечит -Алтаркеч -Мектеп | 20.10 |
10-00 14-00
| 1597
450 1147 | 10
3 7 | Акпаров Тууганбай жетекчи Сатибекова Гүлзат Мулаева Айчүрөк Азылбеков Таалай |
5 | Кум-Булуң | 21.10 | 10-00 | 258 | 2 | Кайдалиев Нурас Эңишбек уулу Жолборсбек
|
6 | Мор-Булак
| 21.10 | 14-00 | 379 | 3 | Итибаев Абдымамат Кайдалиев Нурас Эңишбек уулу Жолборсбек
|
| баардыгы |
|
| 7249 | 50 |
|
Ак-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
Ж.Жолдубай уулу |
| Тиркеме № 2
Ак-Суу айылды кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 19/103 токтому менен бекитилген
|
Ак-Суу айыл аймактык жергиликтүү курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча
жумушчу топтун курамы
№ | Ф.А.А | кызматы |
1 | Курманбеков Улутбек Абдылдабекович | Төрага |
2 | Жолдубай уулу Жоомарт | катчысы |
3 | Жоробеков Эркин | мүчөсү |
4 | Мамытов Болуш Куттубекович | мүчөсү |
5 | Израил уулу Тыналы | мүчөсү |
Ак-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
Ж.Жолдубай уулу |