АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 19/107
Өз пайдалануусундагы турган жер тилкесин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адиси, атуулдардан түшкөн арыздары боюнча, билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын Ыман-Ата айылы тургундары Суеркулов Сонунбектин арызы боюнча өз пайдалануусунда турган жер тилкесин мыйзамдаштырып берүү жагы каралсын.
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевке жүктөлсүн.
Төрага | У.А.Курманбеков |