Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз XXX-сессиясынын
2024-жылдын 07-майы № XXX-2
Гулистан айыл аймагынын “Солтобаев” атындагы көчөнүн тургундарынын 2024-жылдын 6-майындагы Гулистан айылдык кеңешине берген арызын кароо жөнүндө
Гулистан айыл аймагы “Солтобаев” атындагы көчөнүн электр линиясы эскирип кеткен. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинде бул көчөнүн электр чубалгысын толук алмаштыруу пландаштырылган. Бул маселени 2024-жылдын IV-кварталында каралышы пландаштырылган. Бирок аба-ырайы өзгөрүп, нөөшөрлөп жаккан жамгыр жана күчтүү шамалдын кесепетинен көчөдөгү КТП-100 трансформатордук подстанция күйүп кетип, толук иштен чыккан. Солтобаев атындагы көчөнүн тургундары бул маселени чечип берүү үчүн Гулистан айылдык кеңешине кайрылышкан. Гулистан айылдык кеңеши бул маселени көрүп чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гулистан айыл аймагы “Солтобаев” атындагы көчөнүн тургундарынын арызы канаатандырылсын.
2.Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин IV-кварталында каралышы пландаштырылган, “Солтобаев” атындагы көчөнүн электр чубалгысын ремонттолушуна көрсөтүлгөн акча каражаттын эсебинен 185 000 (бир жүз сексен беш миң) сом өлчөмүндөгү акча КТП-100 трансформатордук подстанциясынын алмаштыруу үчүн бөлүнүшүнө макулдук берилсин.
3.Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын максаттуу пайдалануу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |