Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз XXX-сессиясынын
2024-жылдын 07-майы № XXX-3
Гулистан айыл аймагынын “Чоң-Кыштоо” айылынын тургуну Сабиров Октомдун 2024-жылдын 6-майындагы Гулистан айылдык кеңешине берген сураныч катын кароо жөнүндө
Гулистан айыл аймагы “Чоң-Кыштоо” айылынын тургуну Сабиров Октом өз катында “Алдыке” калктуу конушунда жайгашкан табигий тоо булак суусун элдерге жеткирүү максатында кичи ишкана ачууну пландаштырган. Кичи ишкана ачылышына өзүнүн үлүш жеринен 0,10 гектар жер аянтын багытын өзгөртүү үчүн, керектүү мамлекеттик ишканалардан тийиштүү корутундуларды алынышына айылдык кеңештен токтом чыгарып берилишин суранган. Гулистан айылдык кеңеши бул маселени көрүп чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гулистан айыл аймагы “Чоң-Кыштоо” айылынын тургуну Сабиров Октомдун 2024-жылдын 6-майындагы сураныч каты канааттандырылсын.
2.“Чоң-Кыштоо” айылынын тургуну Сабиров Октомдун жер үлүшүнөн ичимдик чыгаруучу кичи ишкана курууга 0,10 гектар өлчөмүндөгү жер аянтын багытын өзгөртүү үчүн керектүү мамлекеттик ишканалардан тийиштүү корутундуларды алынышы Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |