Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XХIX СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 24-июлу № 225
Ош шаарындагы Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды башка жайга көчүрүү жөнүндө
Ош шаарында 2024-жылдын 14-июль күнү Ак-Буура дарыясынан ашып, каптаган чоң селден жабыркаган Ош шаарындагы Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базардын мындан ары иштөөсү боюнча Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.Исаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, “Улуу Жибек жолун жандандыралы” Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө Ош шаардык Кеңешинин №118 токтомун, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 17-июлундагы №19 чечимин, ошондой эле депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, мындан ары базарларда табият кырсыктарынын алдын алуу, өрт коопсуздугун камсыздоо жана санитардык абалды жакшыртуу максатында, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов):
-Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды шаардын башка аймагына көчүрүү жана андан ары ал жерге соода-сатык дүкөндөрүн (контейнерлер, майда камоктор, сандыкчалар ж.б) коюуга тыюу салуу;
- Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базардын ордуна аллея (тротуарлары жана веложолдору менен) Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларындагы нормаларга ылайык куруу;
-Ак-Буура дарыясын бойлото жайгашкан, мыйзам талаптарына жана коопсуздук ченемдерине жооп бербеген соода-сатык дүкөндөрүн, көпүрөлөрдү, эс алуу жайларын бузуу жана алып салуу;
-Ош шаарынын “Келечек” кийим-кечек базарын, А.Мамыров көчөсүндө жайгашкан курулуш базарларын, Ж.Бабараимов көчөсүндө жайгашкан жайма базарын, Шейит-Төбө аймагындагы Курманжан датка, Ленин жана Мамажан көчөлөрүндө жайгашкан курулуш материалдар базарларынын ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларга шаардын четинен жер тилкелерип таап, сунуштоо милдеттендирилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш) жүктөлсүн
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу |
Ш.Ш.Нуранов |