Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XХIX СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 24-июлу № 226
Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги “Мээрим” эс алуу багынын 12 200 чарчы метр жер тилкесин футбол боюнча машыгуу аянтын куруу үчүн “А.Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадиону жана “Алай” футболдук клубу” муниципалдык ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө
Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн № 220 дарегинде жайгашкан “Мээрим” эс алуу багынын 36 900,0 чарчы метр жер тилкесинин ичинен, 12 200 чарчы метр жер тилкесине футбол машыгуу аянтын куруу үчүн “А.Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадиону жана “Алай” футболдук клубу” муниципалдык ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы №20 чечимин, ошондой эле сессияда депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги “Мээрим” эс алуу багынын 12 200 чарчы метр жер тилкесин футбол боюнча машыгуу аянтын куруу үчүн “А.Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадиону жана “Алай” футболдук клубу” муниципалдык ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу |
Ш.Ш.Нуранов |