ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XХXI СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 5-августу № 228
Республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 57, 78-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык борбордук базары башка жайга жылып жаткандыгына байланыштуу, жаңы базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө бюджеттик ссуда алууга макулдук берүү жөнүндөгү катынын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №12 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарында борбордук муниципалдык базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө 543,6 млн. сом бюджеттик ссуда алууга макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага: | С.С. Назылбеков |