Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма экинчи  сессиясы

 

2024-жылдын 12-январы № 22-6

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы  жергиликтүү бюджетинен балдар бакчаларына тамак-ашка  акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү учурунда Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктуна негиз так маалымат жок болгондугуна байланыштуу тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  айылдык кеңешинин депутаттарынын "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин караоосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 102-беренесине  ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү учурунда Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 4-пункутуна негиз так маалымат жок болгондугуна байланыштуу балдар бакчасына тамак аш сатып алууга 782 балага 1 күнгө 17 сомдон жергиликтүү бюджеттен (жылдын 2-жарымына +38 бала) жалпысы 3 268 000,0 сом бөлүнүп берилсин.

2.Тамак-ашка бөлунгөн акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо” комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Женишбай у. Э