Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 02-марты №23-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБнун 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча отчетун угуу жана 2024-жылга карата иш жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБнун 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча отчетун угуу жана 2024-жылга карата иш жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБнун 2023-жылдагы аткарган иштери “эң жакшы” деп белгиленсин.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБнун 2024-жылга карата иш жүргүзүү тартибинде бекитүүгө макулдук берилсин.
3.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБнун 2024-жылга карата иш жүргүзүү тартибинде көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э |