Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
2024-жылдын 11-майы №25-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылда үнөмдөлгөн калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылда үнөмдөлгөн калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын үнөмдөлгөн калдык 6 396 513,5 сом акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүлсүн (1-2-тиркеме тиркелет).
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын атайын эсебинен үнөмдөлгөн калдык 37071,9 сом акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүлсүн (1-2-тиркеме тиркелет).
3.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылындагы Т. Атабаева атындагы көчөсүнө элдин салымы менен чогултулган 2 044 500 сом акча каражаты “Турак-жай коммуналдык чарба” бөлүмүнүн атайын эсебинен планга отургузулсун.
4.2024-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетине калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. Амановго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 11-майындагы № 25-1 токтомуна 1-тиркеме |
2023-жылда үнөмдөлгөн калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүү
№ | Чыгаша бөлүмдөрүнүн аталышы | Бөлүм | Атайын каражаттар (миң сом) | Бюджет (миң сом) | Жалпы бюджет (миң сом) |
1 | Жайыт комитети | 704-29 |
| 80,0 | 80,0 |
2 | Экономикалык суроолор | 704-91 |
| 3 022,4 | 3 022,4 |
3 | Турак-жай комуналдык чарба | 706-29 |
| 1 500,0 | 1 500,0 |
4 | Маданият үйү | 708-23 |
| 200,0 | 200,0 |
5 | Бала бакчалар | 709-11 | 37,1 | 60,0 | 97,1 |
6 | Мектептер | 709-21 |
| 1 497,0 | 1 497,0 |
| Жалпы: |
| 37,1 | 6 359,4 | 6 396,5 |
Жооптуу катчы | К.Заирова |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 11-майындагы № 25-1 токтомуна 2-тиркеме |
2023-жылда үнөмдөлгөн калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүү
№ | Аткарыла турган жумуштардын жана кызматтардын аталышы | Сумма |
1 | Бала бакчаларга тамак-аш (атайын счеттун калдыгы) | 37 071,9 |
2 | Көтөрмө айылында жайгашкан Мераж-нуру балдар бакчасынын кенже тайпасынын имаратын жылытуу системасын жакшыртуу | 60 000,0 |
3 | Жайыт пайдалануучулар пландан ашыкча аткарган каражатын которуп берүү | 80 000,0 |
4 | Кара-Кой айылына логистикалык борбор куруу долбооруна өздүк салым үчүн | 1 652 000,0 |
5 | Борко айылынын Т. Атабаева атындагы көчөсүнө асфальттоо долбооруна өздүк салым үчүн | 1 500 000,0 |
6 | Ак-Булак айылындагы кичи футбол аянтчасынын чатырын орнотууга өздүк салым үчүн | 747 000,0 |
7 | А. Парпиев атындагы гимназиянын жатаканасын капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым үчүн | 750 000,0 |
8 | Кыргыз-Ата айылына спорт комплекс куруу долбооруна өздүк салым үчүн | 500 000,0 |
9 | Экскаваторду камсыздандыруу үчүн | 89 000,0 |
10 | Экскаваторго ковш | 81 000,0 |
11 | Экскаватордун транспорттук чыгымы | 20 000,0 |
12 | Көтөрмө айылындагы А. Эгембердиев атындагы Көтөрмө маданият үйүнө кондиционер сатып алууга өздүк салым үчүн | 200 000,0 |
13 | Ак-Булак айылындагы А. Азимбаев атындагы көчөнү асфальттоого өздүк салым үчүн | 500 000,0 |
14 | Кыргыз-Ата айыл аймагына камера орнотууга | 180 441,6 |
| Жалпы: | 6 396 513,5 |
Жооптуу катчы | К.Заирова |