Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
2024-жылдын 11-майы №25-2
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде” Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө № 52 токтомун аткарууга алып, Кыргыз-Ата айылдык кеңешине кошумча бир штаттык бирдикти киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде” Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө № 52 токтомунун негизинде Кыргыз-Ата айылдык кеңешине
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде” Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө № 52 токтомун аткарууга алып, Кыргыз-Ата айылдык кеңешине иш кагаздарын жүргүзүүчү (техникалык тейлөө кызматына) кызмат бир штаттык бирдик киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Айылдык кеңештин бухгалтердик эсебин жана отчёттуулугун жүргүзүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Женишбай у. Э |