Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
2024-жылдын 11-майы №25-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Ак-Булак айылынын А. Азимбаев атындагы көчөнү капиталдык ремонттоо үчүн курулуш материал асфальт сатып алуу долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Ак-Булак айылынын А. Азимбаев атындагы көчөнү капиталдык ремонттоо үчүн курулуш материал асфальт сатып алуу долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын берген маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине негиз Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023 – 2027 - жылдарга социалдык -экономикалык өнүгүү планына киргизилген Ак-Булак айылынын А. Азимбаев атындагы көчөнү капиталдык ремонттоо үчүн курулуш материал асфальт сатып алуу Ош облустук өнүктүрүү фондуна долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023 – 2027 - жылдарга социалдык -экономикалык өнүгүү планына киргизилген Ак-Булак айылынын А. Азимбаев атындагы көчөнү капиталдык ремонттоо үчүн курулуш материал асфальт сатып алууга даярдалган долбоор үчүн айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 1 100 000 (бир млн бир жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,
бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э |