Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
2024-жылдын 11-майы №25-4
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кара-Кой айылынын “Шивели” участкасына логистикалык борбор куруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кара-Кой айылынын “Шивели” участкасына логистикалык борбор куруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Кой айылынын “Шивели” участкасына логистикалык борбор курууга Ош облустук өнүктүрүү фондуна долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Кой айылынын “Шивели” участкасына логистикалык борбор курууга даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2024-жылындагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 2 000 000 (эки млн) сом акча каражаты ажыратылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э |