Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
2024-жылдын 11-майы №25-5
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы көчөгө ардактуу атуул Орозов Карбектин атын коюу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы көчөгө ардактуу атуул Орозов Карбектин атын коюу жөнүндөгү маселе боюнча өткөрүлгөн Кыргыз-Ата айылынын 2024-жылдын 21-апрелиндеги жалпы жыйындын протоколун айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясында талкууланып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Жуков медалынын ээси, маркум Орозов Карбектин атын көчөгө коюу жөнүндөгү маселе боюнча өткөрүлгөн Кыргыз-Ата айылынын 2024-жылдын 21-апрелиндеги жалпы жыйындын протоколуна макулдук берилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын Ж. Жээнбеков атындагы көчөсү бүткөн жерден Кара-Кой айылынын чек арасы башталган жерге чейин маркум Орозов Карбектин аты жаңы көчөгө ыйгарылсын.
3.Кыргыз-Ата айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өздүк маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин, жаңы көчөнүн атын, үй номурларын жазуу жана илүү боюнча чыгымдарын көтөрүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын, каттоого алуу маселесин кароо "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э |