КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы
28 май 2024 жыл № 28-43\2
«Мѳѳнѳттʏʏ пайдаланууга берʏʏгѳ макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ»
Каракол шаарынын мэри, Ф.А.Алжамбаевдин, “Муниципалдык менчик жѳнʏндѳгʏ” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Каракол шаарында спортту колдоо жана ѳнʏктʏрʏʏ максатында, сунушун угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы,
- Каракол шаарынын мэриясы, Боронбай хан (Октябрский) кѳчѳсʏ, №5, дарегинде жайгашкан имараттын аянты, 381,4 м2 болгон, жана жайгашкан жер тилкенин аянты менен 526,5 м2, “Тагай бий” спорт бокс клубуна, 49 жылга мѳѳнѳттʏʏ пайдаланууга берʏʏгѳ макулдук берилсин.
- Ушул имарат жана жайгашкан жер тилкеси спорттук-машыктыруучу максатында колдонулсун.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.