Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-январы № 64
Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин, Бишкек шаардык кеңешинин "Эмгек", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" фракцияларынын каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынан Чалов Ильяз Алмазович - "Эмгек" фракциясынын мүчөсү;
турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынан Токтогулов Максат Сарылбекович - "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү;
муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынан Акылбеков Асылбек Акылбекович - "Ишеним" фракциясынын мүчөсү.
2. Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Чалов Ильяз Алмазович - "Эмгек" фракциясынын мүчөсү;
Токтогулов Максат Сарылбекович - "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү;
Акылбеков Асылбек Акылбекович - "Ишеним" фракциясынын мүчөсү.
3. Бишкек шаардык кеңештин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 2-пункт төмөнкү мазмундагы 9, 10, 11-саптар менен толукталсын:
"9. Чалов Ильяз Алмазович - "Эмгек" фракциясынын мүчөсү;
10. Токтогулов Максат Сарылбекович - "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү;
11. Акылбеков Асылбек Акылбекович - "Ишеним" фракциясынын мүчөсү";
б) 4-пункттун 5-сабы алынып салынсын;
в) 5-пункттун 2, 4-саптары алынып салынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага | А.У. Жапаров |