Загрузка документа…
Тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 466 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттик менчикте турган жер участогун мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу максатында мамлекеттик маанидеги жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасынын объекттерин куруу үчүн жеке жана юридикалык жактарга таандык жер участогуна жана/же товарга (мындан ары - курулуш үчүн товар) алмашуунун тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) мамлекеттик милдеттер - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен аныкталуучу мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасы чөйрөсүндөгү, ошондой эле мамлекеттик стратегиялык документтерде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кыска жана орто мөөнөттүү иш-аракеттеринин пландарында каралган иш-чаралардагы мамлекеттин милдеттери;
2) мамлекеттик жер пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары, мекемелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруучу, калктуу конуштун чегинде жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга алган, уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
3) кызыкдар жак - мамлекеттик менчикте турган жер участогуна алмашууну жүзөгө ашырууга кызыкдар экендигин билдирген жеке менчикте турган жер участогунун жана/же курулуш үчүн товардын менчик ээси;
4) ведомстволор аралык комиссия - мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу үчүн мамлекеттик жер пайдалануучу тарабынан түзүлүүчү комиссия.
3. Мамлекеттик менчикте турган, алмаштырылууга тийиш болгон жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болууга жана чектөөлөр (оорчулуктар) болбоого тийиш.
4. Бул Жобонун колдонулушу мамлекеттик менчикте турган төмөнкү жер участокторуна жайылтылбайт:
- имараттар, курулуштар жана курулмалар, мүлктүк комплекстер жайгашкан;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, токой жана суу фондунун, жайыттардын, ошондой эле Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине таандык.
2-глава. Жер участогун алмашууну демилгелөө
5. Мамлекеттик жер пайдалануучу мамлекеттик милдеттерди аткаруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу процессин демилгелейт.
6. Жер участогун алмашууга даярдоо үчүн мамлекеттик жер пайдалануучу өзүнүн расмий веб-сайтына (жок болсо - жогору турган мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына) төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган маалыматтык билдирүүнү жайгаштырат:
1) жер участогунун өлчөмү, жайгашкан жери, категориясы жана максаттуу багыты жөнүндө маалыматтар;
2) жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтин тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү;
3) шаар куруу документтерине, куруу жана жер пайдалануу эрежелерине, шаар куруу регламенттерине ылайык жер участогун уруксат менен пайдалануунун параметрлери жөнүндө шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты;
4) жер участогунун жана/же курулуш үчүн товардын рыноктук наркы;
5) мамлекеттик милдетти көрсөтүү жана алмаштыруу үчүн талап кылынган жер участогунун жана/же курулуш үчүн товардын параметрлеринин кыскача сыпаттамасы;
6) кызыкдар тараптардан сунуштарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү жана орду;
7) кызыкдар жактар берүүгө тийиш болгон маалыматтардын жана документтердин тизмеги жана арыздын формасы.
7. Мамлекеттик жер пайдалануучу кызыкдар жактардын кайрылуусу боюнча жер участогун карап чыгуу максатында ага жетүүнү камсыз кылууга, ошондой эле жер участогунун рыноктук наркы жөнүндө отчет, жер участогуна укукту белгилөөчү, укукту күбөлөндүрүүчү жана башка документтер менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш.
8. Маалыматтык билдирүүдө белгиленген мөөнөттө кызыкдар жактар мамлекеттик жерди пайдалануучуга төмөнкүлөрдү жиберет:
1) ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча арызды;
2) жеке жактар үчүн - өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
жеке ишкерлер үчүн - ишкердик жүргүзгөн жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн, уюштуруу документинин аталган юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
3) кызыкдар жакка таандык жер участогуна жана/же курулуш үчүн товарга укук белгилөөчү, укук күбөлөндүрүүчү жана башка документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
4) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер участогуна оорчулуктардын (чектөөлөрдүн) жана соттук талаш-тартыштардын бар же жок экендиги жөнүндө маалымкатын (алмашуу үчүн жер участогу сунушталган учурда);
5) ыйгарым укуктуу салык органынын жер участогуна жана/же курулуш үчүн товарга салык төлөө боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалымкатын;
6) шаар куруу документтерине, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине, шаар куруу регламенттерине ылайык кызыкдар жактын жер участогун уруксат менен пайдалануунун параметрлери жөнүндө шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты (алмашуу үчүн жер участогу сунушталган учурда);
7) кызыкдар жакка таандык жер участогунун жана/же курулуш үчүн товардын рыноктук наркы жөнүндө кез карандысыз баалоочу/баалоочу уюм тарабынан (арыз берилген датага чейин бир айдан эрте эмес) даярдалган отчеттун көчүрмөсү.
9. Кызыкдар жактардын сунуштарын кароо максатында мамлекеттик жер пайдалануучу өзүнүн төрагалыгы астында ведомстволор аралык комиссия түзөт, анын курамына мамлекеттик милдетти аткаруучу болуп саналган мамлекеттик органдын же уюмдун, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймагында жер участогу жайгашкан тиешелүү муниципалдык түзүлүштөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрү киргизилет. Зарыл болгон учурда ведомстволор аралык комиссиянын ишине башка кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер тартылышы мүмкүн.
3-глава. Мамлекеттик менчикте турган жер участогуна алмашууну жүргүзүү үчүн жеке менчикте турган жер участогун жана/же курулуш үчүн товарды тандоо
10. Кызыкдар жактардан сунуштарды кабыл алуу аяктаган датадан тартып бир айдан кечиктирбестен ведомстволор аралык комиссия берилген арыздарды жана документтерди карайт жана мамлекеттик милдетти аткаруу үчүн кыйла алгылыктуу болгон кызыкдар жактын жер участогун жана/же курулуш үчүн товарды мамлекеттик жер пайдалануучуга сунуштайт.
11. Сунуштарды кароо процессинде ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кызыкдар жактарды жыйналыштарга чакырууга, алардан кошумча маалыматтарды жана материалдарды сурап алууга;
2) кызыкдар жактар менен алмашуу шарттары, анын ичинде алмаштырылып жаткан жер участогунун жана/же курулуш үчүн товардын баасы, баалардагы айырманы төлөө тартиби жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
3) кызыкдар жактар менен макулдашуу боюнча жер участокторун жана/же курулуш үчүн товарларды карап чыгууга.
12. Зарыл болгон учурда ведомстволор аралык комиссиянын сунушу боюнча мамлекеттик жер пайдалануучу кызыкдар жак тарабынан берилген жер участогунун жана/же курулуш үчүн товардын рыноктук наркы жөнүндө отчетту рецензиялоону жүргүзөт.
13. Ведомстволор аралык комиссия иштин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алууга укуктуу:
1) кызыкдар жактын мамлекеттик милдетти аткаруу үчүн кыйла алгылыктуу жер участогун жана/же курулуш үчүн товарын сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алууга;
2) кызыкдар жактардын сунуштарынын бири да мамлекеттик милдетти аткаруу үчүн алгылыктуу болуп саналбаганы жөнүндө чечим кабыл алууга жана мамлекеттик жер пайдалануучуга кызыкдар жактардан сунуштарды алуу үчүн маалыматтык билдирүүнү кайра жайгаштырууну сунуштоого.
14. Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдери ачык добуш берүү аркылуу ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол түрүндө таризделет. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
15. Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик жер пайдалануучунун маалыматтык билдирүүсүндө көрсөтүлгөн критерийлерге туура келген жана/же ушул критерийлерге жакын жер участогун жана/же курулуш үчүн товарды тандап алууга тийиш.
16. Ведомстволор аралык комиссия кабыл алган чечим жөнүндө маалымат ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышынын протоколуна кол коюлган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жер пайдалануучунун расмий веб-сайтына (жок болсо - жогору турган мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына) жайгаштырылууга тийиш.
4-глава. Алмашуу келишимин түзүү
17. Ведомстволор аралык комиссиядан кызыкдар жактын мамлекеттик милдетти аткаруу үчүн кыйла алгылыктуу жер участогу жана/же курулуш үчүн товары жөнүндө сунуш алган учурда мамлекеттик жер пайдалануучу алмашууну жүргүзүү үчүн кызыкдар жак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө киришет.
18. Алмаштырылып жаткан объекттердин наркы бирдей болбогон учурда жер пайдалануучу же кызыкдар жак алмашуу келишими күчүнө кирген күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен нарктагы айырманы төлөйт.
19. Алмашуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин макулдугу менен жүргүзүлөт жана ал үчүн мамлекеттик жер пайдалануучу тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору демилгеленет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) аткаруу үчүн алмаштыруу талап кылынган мамлекеттик милдет;
2) алмашуу келишиминин тараптары;
3) алмаштырылып жактан объекттердин негизги параметрлери жана нарктары;
4) алмаштырылып жаткан объекттердин наркы бирдей болбогон учурда айырманы төлөө шарттары.
20. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими күчүнө кирген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жер пайдалануучу кызыкдар жак менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган жалпы эрежелер боюнча алмашуу келишимин түзөт.
21. Мамлекеттик жер пайдалануучу жер участогуна менчик укугу катталган датадан тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга "Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган системасындагы маалыматтарды актуалдаштыруу үчүн алмашуу келишими түзүлгөндүгү жөнүндө кабарлайт.
22. Алмашуу келишимин түзүүгө байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чечилет.
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу жөнүндө жобого тиркеме |
Жер участокторун алмашуу жөнүндө сунушту кароо тууралуу АРЫЗ
Арыз ээси:
Жеке жактар үчүн
Мен, _______________________________________________________________________________,
(аты-жөнү)
____________________________________________________________________________________
(өздүгүн ырастоочу документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
жашаган дарегим: ____________________________________________________________________
(шаар, айыл, көчө, үйдүн жана батирдин №)
____________________________________________________________________________________
(жеке ишкерлер үчүн: ишкердик жүргүзгөн жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же патенттин реквизиттери)
Юридикалык жактар үчүн
Мен, ________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
____________________________________________________________________________________
(өздүгүн ырастоочу документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
____________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________ атынан чыгуу менен
(юридикалык жактын толук аталышы, жайгашкан жери жана банктык реквизиттери)
____________________________________________________________________________________
(ишеним каттын/чечимдин реквизиттери)
__________________ ишеним каттын/ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде аракеттенип,
мамлекеттик жер пайдалануучунун жер участогунун ордуна:
___________________________________________________________________________________,
(мамлекеттик жер пайдалануучунун аталышы, жайгашкан жери жана мамлекеттик жер пайдалануучунун жер участогунун негизги параметрлери)
мага менчик укугунда таандык жер участогун жана/же курулуш үчүн товарды мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү ниетим жөнүндө билдирем:
___________________________________________________________________________________,
(арыз ээсинин жер участогунун жана/же курулуш үчүн товарынын жайгашкан жери жана негизги параметрлери).
Менин сунушум мамлекеттик милдетти
____________________________________________________________________________________
(мамлекеттик милдетти сыпаттоо)
чечүү үчүн кыйла алгылыктуу деп таанылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен алмашуу шарттары макулдашылган учурда, мамлекеттик жер пайдалануучу менен алмашуу келишимин түзүүгө милдеттенем.
Бул арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) жеке жактар үчүн - өздүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү; жеке ишкерлер үчүн - ишкердик жүргүзгөн жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн, уюштуруу документинин аталган юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
2) жер участогуна жана/же курулуш үчүн товарга укук белгилөөчү, укук күбөлөндүрүүчү жана башка документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер участогуна оорчулуктардын (чектөөлөрдүн) жана соттук талаш-тартыштардын бар же жок экендиги жөнүндө маалымкаты (алмашуу үчүн жер участогу сунушталган учурда);
4) ыйгарым укуктуу салык органынын жер участогуна жана/же курулуш үчүн товарга салык төлөө боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалымкаты;
5) шаар куруу документтерине, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине, шаар куруу регламенттерине ылайык кызыкдар жактын жер участогун уруксат менен пайдалануунун параметрлери жөнүндө шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты (алмашуу үчүн жер участогу сунушталган учурда);
6) арыз берилген датага чейин бир айдан эрте эмес көз карандысыз баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан даярдалган жер участогунун жана/же курулуш үчүн товардын рыноктук наркы жөнүндө отчеттун көчүрмөсү.
Арыз ээсинин (ыйгарым укуктуу адамдын) кол тамгасы:
___________________________________________________________
"____" __________________ 20____-ж.