Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 2-августу ПЖ № 216
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясынын 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 7-бөлүгүнө, 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын жарандык маселелери боюнча арыздарды тариздөөнүн жана берүүнүн, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоонун тартибин аныктайт, Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыгынын бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына кабарлоонун тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуунун тартибин жана негиздерин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн багытталган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган система;
2) ким экендигин ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүп жаткан адамдын статусун ырастоочу документ, ал эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтүлгөн жана Кыргыз Республикасы тарабынан ушул сапатта таанылган;
3) жашап турууга уруксат - чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашоого укук берүүчү, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
4) чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана өзүнүн кайсы бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигинин далили бар адамдар;
5) жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана өзүнүн кайсы бир чет мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы боюнча далилдери жок адам;
6) Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КБМР) - маалыматтарды чогултуу, сактоо, жаңылоо жана талдоо үчүн арналган Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктүү автоматташтырылган жекелештирилген эсепке алуу системасы;
7) Кыргыз Республикасында тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары - ТМЭБС) - адамдардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө визаларды жана уруксаттарды, убактылуу же туруктуу жашап турууга уруксатты берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында келген (жашаган) жери боюнча каттоо боюнча маалыматтык система;
8) жарандыгы жок адамдын күбөлүгү - Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастоочу документ;
9) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же андан чыгуу жөнүндө арыз - Кыргыз Республикасынын Президентинин атына даректелген, арыз ээсинин, жакын туугандарынын (мындайлар болсо) жеке маалыматтарын камтыган, аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан электрондук жана кагаз түрүндө таризделүүчү арыздар;
10) мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле арыз ээси камкордугунда турган уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү;
11) чек арага чектеш мамлекеттер - Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттер: Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы;
12) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
13) аймактык бөлүмдөр - Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдардан жарандык маселелери боюнча арыздарды кабыл алууну, тариздөөнү ишке ашыруучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү;
14) чет өлкөдөгү мекеме - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилиги), анын канцеляриясы (бөлүмү) жана консулдук мекемеси;
15) электрондук колтамга (мындан ары - ЭК) - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) ага логикалык жактан байланышкан жана анын атынан маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, жарандык маселелер боюнча берилген, чет мамлекеттердин аймагында таризделген расмий документтер Кыргыз Республикасында алардын консулдук легализациясы же апостили болгондо жарактуу деп таанылат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулууга тийиш. Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын/таандык эместигин аныктоого документтер, белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан тышкары, арыз ээсинин жеке өзү тарабынан берилет.
4. Арыздардын, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо милдеттенмелеринин, маалымкаттардын, корутундулардын, башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жаранынын кабарлоосунун, жашап тургандыгы жөнүндө актынын формалары калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
2-глава. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыздарды берүү тартиби
5. 18 жашка толгон, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүдөй учурда арыз менен кайрылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган болсо - аймактык бөлүмдөргө;
2) эгерде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган болсо - чет өлкөдөгү мекемелерге.
Чет өлкөдөгү мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган мөөнөтү жөнүндө шарттар жайылтылбаган чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндөгү арыздар кабыл алынат.
6. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана/же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан АМС аркылуу электрондук түрдө таризделет. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана/же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арызга белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан тышкары, арыз ээси тарабынан электрондук өз колтамгасын алуу үчүн түзүлүш аркылуу кол коюлат. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдын өз колтамгасынын ордуна анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Өз колу менен кол коюуга мүмкүнчүлүгү жок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын өз колтамгасынын ордуна аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан сызыкча коюлат же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын нотариус күбөлөндүргөн факсимилдик колтамгасы коюлат.
7. Паспортундагы жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү жеке маалыматтардын тамгаларынын жазылышында айырмачылыктар болгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар арызда өз каалоосу боюнча паспортуна же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө ылайык фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтө алат.
8. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана/же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз жарандыгы боюнча иштин материалдарына тиркөө үчүн басып чыгарылат жана чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам өзү кол коёт.
9. Идентификациялык жеке номердин болушу Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыздарды берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
10. Кыргыз Республикасынын аймагына көчүп келген этностук кыргыздардан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдардан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана/же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз берүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик алым жана мамлекеттик кызмат көрсөткөндүгү үчүн каражаттар алынат, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары консулдук кызмат көрсөткөндүгү үчүн каражаттар алынат.
11. 18 жашка толо элек адамдарды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана/же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө арыздар мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилет жана кол коюлат.
14төн 18 жашка чейинки адамдарды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана/же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө арыздарды берүүдө алардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга/Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугун берүү зарыл. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу Кыргыз Республикасынын нотариалдык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан күбөлөндүрүлөт.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында келген жери боюнча каттоосунун болушу Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арызды берүү үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына көчүп келген этностук кыргыздардан тышкары, жашы жете элек балдар үчүн да милдеттүү шарт болуп саналат.
3-глава. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу маселелери боюнча арыздарды берүү тартиби
13. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу, эгерде алар:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында арыз берген учурга карата акыркы беш жылдын ичинде туруктуу, мыйзамдуу негизде үзгүлтүксүз жашаса. Эгерде арыз ээси бир жылдын ичинде үч айдан көп эмес Кыргыз Республикасынын чегинен чыкса, жашаган мөөнөтү үзгүлтүксүз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүрүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүү жөнүндө ТМЭБСтеги маалыматтар боюнча эсептелет;
2) баарлашуу үчүн жетиштүү көлөмдө мамлекеттик же расмий тилди билсе. Мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээли кыргыз же орус тилин үйрөнүү менен окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө документи бар адамдардан тышкары, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген маалымкат менен ырасталат;
3) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого милдеттенсе;
4) Кыргыз Республикасында жана алар жарандары болуп саналган чет мамлекетте соттуулугу жок болсо;
5) арыз ээси үчүн зарыл болгон жашоо минимумун камсыз кылуу үчүн жетиштүү болгон жашоого каражат булагы болсо (кызматкер, жеке ишкер - жеке жактын кирешелери жөнүндө маалымкат, өткөн жыл үчүн жеке жактардын кирешелерине салыктар боюнча декларация же акыркы он эки ай үчүн киреше салыгын төлөгөндүгү жөнүндө маалыматтар, жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө, иштеген жеринен маалымкат; пенсионерлер - пенсиялык күбөлүк жана анын көчүрмөсү же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органынын пенсия дайындоо жөнүндө маалымкаты; жөлөкпул алуучулар - жөлөкпул алгандыгы жөнүндө маалымкат; алимент алуучулар - алимент алгандыгы жөнүндө ырастоо; салым ээси - эсебинин номерин көрсөтүү менен кредиттик мекемеде салымынын бар экендиги жөнүндө маалымкат; багуусунда болгон - арыз ээси багуусунда болгон адамдын кирешелери жөнүндө маалымкат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштен жашоого каражат булагын ырастоочу башка документтер (көмөкчү чарбанын же ижарага алынган сугат жер участогунун ж.б. болушу).
14. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашаган мөөнөтү төмөнкү негиздердин бирөө гана болгон учурда үч жылга чейин кыскартылат:
- илим, техника, маданият, спорт жаатында жогорку жетишкендиктердин болушу, ошондой эле Кыргыз Республикасында талап кылынган кесиптин же квалификациянын болушу;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялоо.
Инвестициялоонун тартиби жана инвестициялардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар качкындар же жарандыгы жок адамдар деп таанылганда;
- Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.
15. Этностук кыргыздардан жана мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган жарандыгы жок адамдардан тышкары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында арыз берген учурга карата бир жылдан кем эмес туруктуу, мыйзамдуу негиздерде үзгүлтүксүз жашаса (мыйзамдуу негизде жашагандыгы жашап турууга уруксат, виза жана/же келген жери боюнча каттоосу менен ырасталат), төмөнкүдөй негиздердин бири болгон учурда 13-пункттун 3, 4-пунктчаларын сактоо менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу:
1) жок дегенде ата-энесинин биринин Кыргыз Республикасынын жарандыгы болсо жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаса;
2) Кыргыз ССРинде, Кыргыз Республикасында туулса жана/же мурдагы СССРдин жарандыгы болсо;
3) мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турса.
16. Этностук кыргыздар болуп саналган, чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок адам болуп саналган адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана ушул Жобонун 13, 14, 15-пункттарында каралган шарттарды сактабастан кабыл алынат.
Этностук кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу башка мамлекеттин жарандыгынан алдын ала чыкпастан Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун жана Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттердин жарандары үчүн мурдагы мамлекеттин жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.
17. Жашы жете элек чет өлкөлүк жарандар ушул Жобонун 13, 14-пункттарында көрсөтүлгөн шарттарды сактабастан жок дегенде төмөнкү негиздердин бири болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынат:
1) ата-энесинин биринин Кыргыз Республикасынын жарандыгы болгон бала - ошол атасынын же энесинин арызы боюнча жана баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусуна атасынын же энесинин жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо. Эгерде бала Кыргыз Республикасынын аймагында жашаса, мындай макулдук талап кылынбайт;
2) жалгыз атасынын же энесинин Кыргыз Республикасынын жарандыгы болгон бала - ошол атасынын же энесинин арызы боюнча;
3) камкорчулук же көзөмөлчүлүк белгиленген бала же аракетке жөндөмсүз адам - Кыргыз Республикасынын жарандыгы болгон камкорчунун же көзөмөлчүнүн арызы боюнча.
18. Чет мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган мөөнөтү ушул Жобонун 15-пунктунда белгиленген.
19. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгына байланыштуу жарандыгы жок адамдар деп таанылган (чет мамлекеттин жарандыгы жок) Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана ушул Жобонун 15-пунктунда каралган шарттар сакталбастан кабыл алынат.
20. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер болгон учурда чет өлкөлүк жарандарга карата Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу шарттарынын башка түрлөрү колдонулушу мүмкүн.
21. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу алардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, чет мамлекеттин жарандыгынан алдын ала чыкпастан жүзөгө ашырылат.
4-глава. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыздар менен кайрылууда берилүүчү документтердин тизмеги
22. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылууда берилүүчү документтердин тизмеги:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз, ал аймактык бөлүмдүн же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан АМС аркылуу электрондук формада толтурулат;
- электрондук форматтагы фотосүрөт;
- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документ (паспорт - чет өлкөлүк жарандар үчүн, жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү - жарандыгы жок адамдар үчүн, кайрылмандын күбөлүгү же аймактык бөлүмдүн арыз ээсин жарандыгы жок адам деп таануу корутундусу - этностук кыргыздар үчүн, качкындын күбөлүгү - мыйзамда белгиленген тартипте качкын деп таанылган адамдар үчүн);
- арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (же туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө), же ага теңештирилген документ;
- мамлекеттик алым жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн каражаттар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары - консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (этностук кыргыздардан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдардан тышкары);
- өмүр баяны;
- Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандары үчүн - мурдагы мамлекеттин жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арыз.
Арыз ээси жөнүндө болгон бардык маалыматтар АМСти интеграциялоо жолу менен автоматтык түрдө толтурулат.
23. Жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылганда (жашаган мөөнөтү беш жыл болууга тийиш):
1) ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкүлөр берилет:
- Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы беш жыл ичинде туруктуу, үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастаган документ жана анын көчүрмөсү (төмөнкү документтердин бири: жашап турууга уруксат, виза, каттоо талону);
- кыргыз же орус тилин үйрөнүү менен окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө документи бар адамдардан тышкары, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген, арыз ээсинин мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин ырастоочу маалымкат;
- качкындардан тышкары, арыз ээси жараны болуп саналган чет мамлекет же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекет тарабынан берилген, белгиленген тартипте апостилдештирилген же консулдук легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат (14 жаштан жогорку адамдар үчүн);
- качкындардан тышкары, жашоого мыйзамдуу каражат булагынын бар экендигин ырастаган документ:
2) ушул Жобонун 13-пунктунда каралган негиздер болгон учурда, 22-пунктта жана ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкүлөр берилет (жашаган мөөнөтү үч жылдан кем эмес болууга тийиш):
- эгерде илим, техника, спорт, маданият жаатында жогорку жетишкендиктерге ээ же Кыргыз Республикасында талап кылынган кесипке же квалификацияга ээ чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болсо - арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуусу жөнүндө кызыкдар мамлекеттик органдын өтүнүч каты;
- эгерде чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестор болуп саналса - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына салынган инвестицияларды ырастоочу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы тарабынан берилген документ;
- эгерде адам качкын деп таанылса - качкындын күбөлүгү, жарандыгы жок адам деп таанылса - жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
- эгерде чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турса - Кыргыз Республикасынын жараны менен никелешүү тууралуу күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жаранынын - жубайынын паспорту.
24. Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылганда ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкүлөр берилет (жашаган мөөнөтү бир жылдан кем эмес болууга тийиш):
- Кыргыз Республикасынын аймагында бир жылдан кем эмес туруктуу, үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастаган документ жана анын көчүрмөсү (төмөнкү документтердин бири: жашап турууга уруксат, виза, каттоо талону);
- ата-энесинде Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушун ырастаган документ - ата-энесинин биринде Кыргыз Республикасынын жарандыгы болгон учурда;
- мурдагы СССРдин жарандыгынын бар экендигин ырастаган документ (СССРдин үлгүсүндөгү паспорт менен документтештиргендиги жөнүндө чет мамлекеттин компетенттүү органдарынын каты/маалымкаты) - эгерде арыз ээсинде мурдагы СССРдин жарандыгы болгон учурда;
- АМСте маалыматтар жок учурда, арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгын ырастоочу маалымкат - мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган адамдар үчүн.
25. Тизмеси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар арыз ээсинин инсандыгына, ишине, спортко, Кыргыз Республикасын экономикалык жана маданий өнүктүрүүгө кошкон салымына байланышкан негиздер жана жагдайлар боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылган учурда ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкүлөр берилет:
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө кызыкдар мамлекеттик органдын өтүнүчү;
- арыз ээси жараны болуп саналган чет мамлекет же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин жашаган мамлекет тарабынан берилген соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат (он төрт жаштан жогорку адамдар үчүн).
Аларды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган мөөнөтү жөнүндө шарттарды койбостон жана "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинде жана 14-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган шарттарды сактабастан жүзөгө ашырылат.
26. Этностук кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылганда (жашаган мөөнөтүн көрсөтпөстөн жана мамлекеттик алым төлөбөстөн) ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкүлөр берилет:
- кайрылмандын күбөлүгү же кыргыз улутун көрсөтүү менен ата-энесинин (ата-энесинин биринин) паспорту - берилген документтерде улуту көрсөтүлбөгөн учурда;
- колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен паспорт - арыз ээсинин чет өлкөлүк паспортунун колдонуу мөөнөтү бүткөн учурда;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө аймактык бөлүмдүн корутундусу, жашаган мөөнөтүн көрсөтүү менен таануу жана жашагандыгы тууралуу акты (Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан түзүлөт, жакын туугандарынын, жакын туугандары жок болгон учурда - үч кошунасынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ырасталат) - чет өлкөлүк паспорт жок болгон учурда, эгерде адам Кыргыз Республикасынын аймагында 18 жашка толсо жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын өз убагында албаса.
Чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок адамдар болуп саналган этностук кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга арыз бергенде ыктыярдуу негизде арыз боюнча өзүнүн фамилиясын, атын жана атасынын атын кыргыз тилиндеги айтылышына ылайыктуу көрсөтө алат.
27. Бир эле учурда жашы жете элек балдарын да Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз берген чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар төмөнкүлөрдү берет:
- баланын ким экендигин ырастоочу документти (болсо);
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн (же туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө) же ага теңештирилген документти;
- 14төн 18 жашка чейинки балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугун;
- баланы Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга каршылыгы жок экендиги тууралуу атасынын же энесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугун. Атасы же энеси жок болгон учурда - анын жок экендигин ырастаган документтердин бирин (атасынын же энесинин өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк, ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө соттун чечими, ата-энесинин бирин дайынсыз жок деп таануу же ата-энесинин биринин издөөдө тургандыгы жөнүндө күбөлүк). Эгерде бала Кыргыз Республикасынын аймагында бир жылдан кем эмес жашаса, мындай макулдук талап кылынбайт.
5-глава. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыздарды кабыл алуу тартиби
28. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууну тариздөөнү каалаган 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары арыз менен кайрылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган учурда - аймактык бөлүмгө;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган учурда - чет өлкөлүк мекемеге.
29. Идентификациялык жеке номердин болушу Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
30. Кыргыз Республикасынын аймагында каттоонун болушу же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде консулдук эсепке алуунун болушу, Кыргыз Республикасынын жаранында чет өлкөлүк жарандык болгон учурдан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз берүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
31. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга уруксат берилбейт, эгерде Кыргыз Республикасынын жаранында:
1) мамлекеттин алдында аткарылбаган милдеттенмелери же Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык же жеке жактардын кызыкчылыктары менен байланышкан мүлктүк милдеттенмелери болсо;
2) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары жоопко тартылган же ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген жана аткарылууга тийиш болгон соттун айыптоочу өкүмү болсо.
32. Ата-энесинин биринин Кыргыз Республикасынын жарандыгы болгон, ал эми атасы же энеси чет өлкөлүк жаран болуп саналган же жалгыз атасы же энеси чет өлкөлүк жаран болуп саналган балада чет мамлекеттин жарандыгы болгондо же адам башка мамлекеттин жарандыгын алуусуна кепилдик болгондо, баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу атасынын да, энесинин да/жалгыз атасынын же энесинин арызы боюнча жүзөгө ашырылат.
33. Кыргыз Республикасынын жараны жарандыктан чыгуу жөнүндө арыз бергенде бир эле учурда жашы жете элек балдарынын да Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу жөнүндө арыз бере алат.
34. Аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуунун тартиби, укуктук кесепеттери жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда паспортторду тапшыруунун зарылдыгы жөнүндө тааныштырууга милдеттүү, бул арыз ээсинин ага кабарлоо жөнүндө тил катка койгон колу менен ырасталат.
35. Тил кат аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан эки нускада түзүлөт жана басып чыгарылат, алардын бири жарандык маселелери боюнча материалга тиркелет, экинчиси арыз ээсинин колуна берилет.
36. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз менен кайрылууда берилүүчү документтердин тизмеги:
1) паспорт (Кыргыз Республикасынын жаранында чет өлкөлүк жарандыгы болгон учурда, колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен паспортту же колдонуудагы чет өлкөлүк паспортту көрсөтүүгө жол берилет);
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз;
3) арыз берүүчүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (же туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө) же ага теңештирилген документ;
4) никелешүү тууралуу (никени бузуу тууралуу) күбөлүк - катталган нике болгон учурда;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында салыктарды төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык органынын документи;
6) мамлекеттик алымды жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары - консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция - мындай арызды тариздөө үчүн төлөмдү ырастоочу АМСте көрсөтүлгөн маалымат жок болсо (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алымды төлөбөйт);
7) балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (же туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө) же ага теңештирилген документ жана баланын жарандыгынан чыгууга атасынын же энесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу - Кыргыз Республикасынын жараны бир эле учурда жашы жете элек балдарын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө өтүнүч берген учурда.
37. Балага карата Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз менен кайрылууда берилүүчү документтердин тизмеги:
1) баланын паспорту (болсо);
2) атасынын же энесинин/ата-энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документ (паспорт - Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар үчүн, жашап турууга уруксат же жарандыгы жок адамдын күбөлүгү - жарандыгы жок адамдар үчүн, качкындын күбөлүгү - мыйзамда белгиленген тартипте качкын деп таанылган адамдар үчүн);
3) балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (же туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө) же ага теңештирилген документ;
4) мамлекеттик алымды жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары - консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция - мындай арызды тариздөө үчүн төлөмдү ырастоочу АМСте көрсөтүлгөн маалымат жок болгондо (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алымды төлөбөйт);
5) 14төн 18 жашка чейинки балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу;
6) баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусуна ата-энесинин (жалгыз атасынын же энесинин) же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариалдык макулдугу.
6-глава. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздарды кароо тартиби
38. Документтерди кабыл алуу аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. Жарандык маселелери боюнча арыздар ушул Жободо белгиленген тизмектерге ылайык бардык зарыл документтер берилгенден кийин АМС аркылуу электрондук түрдө таризделет.
39. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана/же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арызды толтурууда аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
- идентификациялык жеке номердин негизинде арыз ээсин идентификациялоо, анын ичинде фамилиясынын, атынын, атасынын атынын шайкештигин текшерүү;
- АМСке киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерлөө;
- арыз ээсинен Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана/же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арызга киргизилүүчү маалыматтардын тууралыгын тактоо;
- арыз ээсинин жүзүн сүрөткө тартуу.
Арыз ээсинде ИЖН жок жана/же эки же андан көп ИЖН болгон учурда аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкерлери ИЖНди ыйгарууга жана/же өзгөртүүгө арыздарды кабыл алат.
40. Аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери өзү кабыл алган арыз үчүн жеке жоопкерчилик тартат, зарыл документтер жок болгон учурда арыз ээсине ушул Жободо каралган тизмектерге ылайык он жумуш күндүн ичинде жетпеген документтерди берүүнүн зарылдыгын толук түшүндүрүүгө милдеттүү.
Арыз ээсинен жарандык маселелери боюнча анын арызын кабыл алуудан баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө түшүндүрүүнү берүү өтүнүчү келип түшкөн учурда аймактык бөлүм/чет өлкөдөгү мекеме арызды кароодон баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз ээсине жазуу жүзүндөгү жоопту берет же почта аркылуу жиберет.
41. Берилген документтерде толук эмес же так эмес маалыматтар аныкталганда аймактык бөлүм/чет өлкөдөгү мекеме жазуу жүзүндөгү негизделген жоопту берүү менен аларды арыз ээсине кайтарып берет.
Арыз ээси жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды берген учурда аймактык бөлүм же чет өлкөдөгү мекеме жасалма документтерди алып коёт жана үч нускада акт түзөт, биринчи нускасы арыз ээсине берилет, экинчи нускасы түзүлгөн жеринде калат, үчүнчү нускасы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органына жиберилет.
42. Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу жана/же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арызды толтуруунун жыйынтыгы боюнча жарандык маселелер боюнча материал электрондук жана кагаз түрүндө түзүлөт, анда арыз ээси берген документтер камтылат. Мында жарандык маселелер боюнча материалга АМСтеги Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу жана/же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз басып чыгарылып, берилген документтер жана материалда камтылган документтердин тизмеси кагаз түрүндө тиркелет. Аймактык бөлүм/чет өлкөдөгү мекеме арызды тариздөөдө арыз ээсине же арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлүнө арыз жана берилген документтер кароого кабыл алыгандыгы жөнүндө маалымкат берет.
43. Арыз АМС системасында катталган күндөн тартып кароого кабыл алынды деп эсептелет.
44. Аймактык бөлүм/чет өлкөдөгү мекеме арыздарды жана тиркелген документтерди жарандык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин текшерет.
45. Жарандык маселелер боюнча арыз аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан таризделет жана текшерилет, анын жетекчиси тарабынан кошумча текшерилет, ЭК аркылуу кол коюлат жана сканерленген документтер менен бирге корголгон электрондук байланыш каналдары аркылуу жиберилет, ал эми кагаз жүзүндөгү материалдар беш жумуш күндүн ичинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
46. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери жарандык маселелер боюнча арыздар жана сканерленген документтер, ошондой эле кагаз жүзүндөгү материалдар келип түшкөндө арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын сканерленген документтердеги жана кагаз жүзүндөгү маалыматтарга ылайык келишин кошумча текшерет.
Жарандык маселелер боюнча документтерди кабыл алуу тартибинин шарттарына жана арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын сканерленген документтерде камтылган маалыматтарга ылайык келбегендиги аныкталса, арыз жана сканерленген документтер, ошондой эле кагаз жүзүндөгү материалдар он жумуш күндүн ичинде аймактык бөлүмгө кайтарылып берилет.
47. Жарандык маселелер боюнча арыз калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан сканерленген документтер менен бирге АМС аркылуу макулдашууга бир эле учурда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органына, Кыргыз Республикасынын ички иштер органына жыйырма жумуш күндүн ичинде жөнөтүлөт.
48. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органы жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органы менен макулдашуунун мөөнөтү жалпы тартип боюнча токсон жумуш күндөн жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип боюнча отуз жумуш күндөн ашпоого тийиш.
49. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органы, Кыргыз Республикасынын ички иштер органы калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга/чет өлкөдөгү мекемеге жарандык маселелер боюнча жоопту АМС аркылуу жиберет. Мында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жоопто Кыргыз Республикасынын аймагында соттолгондугу/соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүшөт.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынан же Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан терс жооп келип түшкөн учурда арыз АМС аркылуу аймактык бөлүмгө, же болбосо чет өлкөдөгү мекемеге жоопту арыз ээсине жөнөтүү үчүн кайтарылат.
Аймактык бөлүм/чет өлкөдөгү мекеме Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынан же Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан терс жооп түшкөндөн кийин бул тууралуу арыз ээсине он төрт жумуш күндүн ичинде билдирет.
50. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынан, Кыргыз Республикасынын ички иштер органынан оң жооп алынганда, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган/чет өлкөдөгү мекеме АМС аркылуу ар бир арыз боюнча өзүнчө корутунду түзөт.
51. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө корутунду аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан жарандык жөнүндө иштин материалдарына тиркелет.
Корутундуда төмөнкүдөй маалыматтар толук камтылууга тийиш: арыз ээсинин жеке маалыматтары, байланыш маалыматтары, жарандыкка кабыл алуунун жүйөлөрү жана укуктук негиздери: "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине жана мамлекеттик органдардын позицияларына милдеттүү шилтеме берүү менен арызды канааттандыруу.
Этностук кыргыздарга карата корутундуда кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жеке маалыматтары кошумча көрсөтүлөт.
52. Аймактык бөлүм тарабынан даярдалган корутундуга кызматкер кол коёт, анын түздөн-түз жетекчиси же аны алмаштырган адам тарабынан ЭК аркылуу бекитилет.
53. Чет өлкөдөгү мекеме тарабынан даярдалган корутундуга кызматкер кол коёт, анын жетекчиси же аны алмаштырган адам тарабынан ЭК аркылуу бекитилет.
54. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган/чет өлкөдөгү мекеме Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органы, Кыргыз Республикасынын ички иштер органы менен макулдашылган жарандык маселелер боюнча өз корутундуларын жана башка зарыл материалдарды АМС аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссияга (мындан ары - Комиссия) жиберет. Кагаз түрүндөгү материалдар Комиссияга кошумча жөнөтүлөт.
55. Комиссия келип түшкөн документтерди (арыз ээсинин сүрөтү, байланыш маалыматтары, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынан жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан алынган жооп) карайт жана ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларын ар тараптан изилдейт.
Комиссияга ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген материалдар киргизилген учурда, Комиссия материалдарды жеткире иштеп чыгууга ыйгарым укуктуу органдарга кайтарып берет.
Комиссиянын жооптуу катчысы, катчылыктын кызматкерлери жана Комиссиянын мүчөлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген материалдар үчүн жооптуу эмес.
56. Комиссия чечим кабыл алган учурдан тартып он төрт жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоорун даярдайт.
57. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуудан же чыгаруудан баш тартылган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы үч жумуш күндүн ичинде баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирет.
58. Адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздарын кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо каралган мөөнөттөрдө АМСте тиешелүү түрдө таризделген документтер тиркелген электрондук арыз катталган күндөн тартып жүзөгө ашырылат.
59. Жарандык маселелер боюнча кайталап берилген арыздар бул маселе боюнча мурдагы терс чечим кабыл алынган учурдан баштап бир жыл өткөндөн кийин каралат. Арыз ээсине белгисиз болгон жана белгисиз болушу мүмкүн болгон иш үчүн олуттуу жагдайлар келип чыккан учурда кайталап берилген арыз белгиленген мөөнөт өткөнгө чейин каралышы мүмкүн.
60. Аймактык бөлүмдөр/чет өлкөдөгү мекемелер арыз ээси кайрылган учурда анын документтерин кароонун жол-жоболору жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
7-глава. Адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын же таандык эместигин аныктоо тартиби
61. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоону каалаган адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо жөнүндө арыз менен төмөнкүлөргө кайрылышат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган учурда - аймактык бөлүмгө;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган учурда - чет өлкөдөгү мекемеге.
62. Аймактык бөлүмдөрдө Адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын же таандык эместигин аныктоо боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары - Жарандыкты аныктоо боюнча комиссия), ал калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет. Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиянын курамына аймактык бөлүмдүн кызматкерлери кирет. Жарандыкты аныктоо боюнча комиссияны аймактык бөлүмдүн жетекчиси, ал жокто анын милдетин аткарган адам жетектейт.
Чет өлкөдөгү мекемелерде да Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиялар түзүлөт. Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиянын курамына чет өлкөдөгү мекемелердин кызматкерлери кирет. Жарандыкты аныктоо боюнча комиссияны чет өлкөдөгү мекеменин жетекчиси, ал жокто анын милдетин аткарган адам жетектейт.
Эгерде чет өлкөдөгү мекемеде кызматкерлердин саны үч адамдан аз болсо, анда адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы же таандык эместиги жөнүндө корутунду чет өлкөдөгү мекеменин жетекчиси же анын милдетин аткарган адам тарабынан адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы же таандык эместиги жөнүндө корутундуну бекитүү жолу менен кабыл алынат.
63. Жарандыкты аныктоо боюнча комиссия адамдардын АМС аркылуу таризделген электрондук арыздарын төмөнкүлөргө карата карайт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, Кыргыз ССРинин аймагында берилген 1974-жылдын үлгүсүндөгү СССРдин паспорту бар, ошондой эле анда "Кыргыз Республикасынын жараны" деген штампы бар, бирок өз убагында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен документтештирилбеген жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө билдирүү жасабаган адамдар;
2) арыз ээсинин, анын ата-энесинин (жалгыз атасынын же энесинин) же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтеринин жоктугуна байланыштуу жагдайлар келип чыкканда өз убагында паспорт ала албаган адамдар (18 жаш жана андан жогору);
3) ушул Жобонун 77-87-пункттарына ылайык балдар (18 жашка чейин);
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын же таандык эместигин аныктоо жөнүндө арыз менен кайрылган башка адамдар.
64. Өзүнүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоону каалаган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адам Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын же таандык эместигин аныктоо жөнүндө арыз менен аймактык бөлүмгө кайрылууга жана төмөнкү документтердин тизмегин берүүгө тийиш:
- арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же аны ырастоого мүмкүн болгон документтер (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк же актылык жазуудан көчүрмө, аскердик билет жана башка документтер);
- өмүр баяны;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жашагандыгын ырастаган документтер (жашагандыгы тууралуу маалымкат, жашоо актысы, жашаган мөөнөтүн көрсөтүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан түзүлөт, ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан үч кошунанын катышуусу менен ырасталат, жакын туугандарынын катышуусу менен таануу актысы);
- окуган жеринен маалымкат же аттестат, эмгек китепчеси - бар болсо;
- үй-бүлөлүк мамилелердин бар экендигин ырастаган документ (нике тууралуу күбөлүк, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк же болбосо актылык жазуудан көчүрмө) - бар болсо;
- ата-энесинин же болбосо атасынын же энесинин паспорттору;
- аскердик эсепке алуу документи же аскердик каттоого коюу же андан чыгаруу жөнүндө маалымкат (аскердик эсепке алуу жок болгон учурда, жашаган жери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген аскердик эсепке алуунун жоктугу жөнүндө маалымкат) - бар болсо;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо үчүн мамлекеттик алымды жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
14 жашка толгон арыз ээлери АМС аркылуу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын эсепке алуусу боюнча соттолгондугуна/соттолбогондугуна карата текшерилүүгө тийиш.
Арыз ээси ушул пунктта көрсөтүлбөгөн, Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоого көмөктөшө турган документтерди берүүгө укуктуу.
Арыз ээси берген документтер АМСте сактоо үчүн аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан сканерден өткөрүлөт.
65. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо жөнүндө арызга арыз ээси белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды кошпогондо, электрондук өз колтамгасын алуу үчүн түзүлүш аркылуу кол коёт. Белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдын өз кол тамгасынын ордуна анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат. Өз колтамгасын коюуга мүмкүндүк бербеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын өз колтамгасынын ордуна аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери сызыкча, же болбосо нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын факсимилдик колтамгасын коёт.
18 жашка толо элек адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо жөнүндө арыздары мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан берилет жана колу коюлат.
66. Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиянын арызды кароосунун жана чыгарган чечиминин жыйынтыгы боюнча аймактык бөлүмдүн кызматкери АМСте адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы же таандык эместиги жөнүндө корутунду түзөт, анда арыз ээси жөнүндө негизги маалыматтар жана адам Кыргыз Республикасынын жараны же жараны эмес деп тааныла турган укуктук негиздер көрсөтүлөт. Эгерде арыз ээсинин балдары болсо, анда корутундуда алардын жарандыгы же жарандыгынын жоктугу да аныкталууга тийиш.
Арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык эместиги аныкталган учурда анын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте каралат.
67. Корутунду АМСте электрондук түрдө түзүлөт жана Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрү ЭК аркылуу кол коюуга тийиш.
Эгерде Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири өзгөчө пикирге ээ болсо же арызды жана иштин материалдарын кароонун жыйынтыгы менен макул болбосо, АМСте анын себеби көрсөтүлөт.
Корутунду Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиянын жетекчиси, ал жок болгон учурда - анын милдетин аткаруучу адам тарабынан ЭК аркылуу бекитилет.
68. Аймактык бөлүмдөрдүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын/таандык эместигин аныктоо жөнүндө арыздарды кароо мөөнөтү отуз календардык күндөн ашпоого тийиш. Чет мамлекеттерге суроо-талап жөнөтүлгөн учурда мөөнөт алты айга чейин узартылышы мүмкүн.
Эгерде чет мамлекетке жөнөтүлгөн суроо-талапка алты айдын ичинде жооп алынбаса, чет мамлекетте суралган маалымат жок деп эсептелет, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо жөнүндө арызды жана тиркелген документтерди андан ары кароо ушул Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо боюнча комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
69. Аймактык бөлүм арыз ээсине анын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын же таандык эместигин текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымдайт. Арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы аныкталган учурда анын каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту таризделиши же Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө маалымкат берилиши мүмкүн.
70. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиясы арыз ээси Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо жөнүндө кайталап кайрылган учурда аймактык бөлүмдүн Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиясынын корутундусун карайт. Кароонун жыйынтыгы боюнча АМС аркылуу кабыл алынган чечимдин укук ченемдүүлүгү же аны жокко чыгаруу жөнүндө корутунду чыгарылат.
71. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган, өзүнүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын же таандык эместигин аныктоону каалаган адамдар тиешелүү арыз менен чет өлкөдөгү мекемеге кайрылууга жана төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же туулгандыгы тууралуу күбөлүк же болбосо актылык жазуудан көчүрмө;
2) өмүр баяны;
3) окуган жеринен маалымкат же аттестат, эмгек китепчеси - бар болсо;
4) үй-бүлөлүк мамилелердин бар экендигин ырастоочу документ (нике тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк же болбосо актылык жазуудан көчүрмө) - бар болсо;
5) ата-энесинин же болбосо атасынын же энесинин паспорттору;
6) барган өлкөдө чет өлкөлүк жарандыгынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
7) барган өлкөдө туруктуу жашагандыгын ырастаган документ;
8) консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
72. Зарыл болгон учурда чет өлкөдөгү мекеме калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен документтештирүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагында арыз ээсинин каттоосунун бар же жок экендигине, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө өтүнүчтөрдүн бар же жок экендигине тиешелүү зарыл маалыматтарды талап кылуу үчүн АМС аркылуу суроо-талап жөнөтөт.
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган АМС аркылуу маалыматты он төрт жумуш күндүн ичинде тиешелүү чет өлкөдөгү мекемеге жөнөтөт.
73. Чет өлкөдөгү мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын же таандык эместигин аныктоо жөнүндө арыздарды кароонун мөөнөтү алтымыш календардык күндөн ашпоого тийиш.
74. Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиянын арызды кароосунун жана чыгарган чечиминин жыйынтыгы боюнча чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы же таандык эместиги жөнүндө корутунду түзөт, анда арыз ээси жөнүндө негизги маалыматтар жана адам Кыргыз Республикасынын жараны же жараны эмес деп тааныла турган укуктук негиздер көрсөтүлөт. Эгерде арыз ээсинин балдары болсо, анда корутундуда алардын жарандыгы же жарандыгынын жоктугу да аныкталууга тийиш.
Корутунду АМСте электрондук түрдө түзүлөт жана Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрү ЭК аркылуу кол коюуга тийиш.
Эгерде Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири өзгөчө пикирге ээ болсо же арызды жана иштин материалдарын кароонун жыйынтыгы менен макул болбосо, АМСте анын себеби көрсөтүлөт.
Корутунду Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиянын жетекчиси, ал жок болгон учурда - анын милдетин аткаруучу адам тарабынан ЭК аркылуу бекитилет.
75. Чыгарылган корутундунун жыйынтыгы боюнча чет өлкөдөгү мекеме арыз ээсине белгиленген үлгүдөгү маалымкат берүү менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы/таандык эместиги жөнүндө арызды кароонун жыйынтыгы жөнүндө маалымдайт.
76. Жарандыкты аныктоо боюнча комиссиянын корутундусу, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо жөнүндө арыз жана арыз ээси тарабынан берилген документтер АМСте сакталат.
8-глава. Балдарда Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар же жоктугун аныктоонун өзгөчөлүктөрү
77. Баланын жарандыгы ал төрөлгөн учурдагы ата-энесинин жарандыгы боюнча аныкталат. Эгерде бала төрөлгөн учурда ата-энеси (жалгыз атасы же энеси) Кыргыз Республикасынын жарандыгында турса жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортуна ээ болсо, бала туулган жерине карабастан Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
Балада Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин чет өлкөлүк жарандыгы болгон учурларды кошпогондо, баланын чет өлкөлүк жарандыгы болушу аны Кыргыз Республикасынын жараны катары таанууга тоскоолдук болуп саналбайт.
78. Баланын ата-энеси туулгандыгы боюнча чет өлкөлүк жарандыкка ээ болгон балага карата Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө биргелешкен жазуу жүзүндөгү арыз берген учурду кошпогондо, ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жарандыгына, экинчиси чет өлкөлүк жарандыкка ээ болгон баланын жарандыгы Кыргыз Республикасынын жараны деп таанылат.
79. Бала туулган учурда ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган, ал эми экинчиси жарандыгы жок адам болгон учурда бала туулган жерине карабастан Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
80. Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн, ата-энеси ал төрөлгөн учурда жарандыгы жок же жарандыгы аныкталбаган, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдар болгон бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
81. Ата-энесинин экөө тең белгисиз болгон Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
82. Эгерде бала төрөлгөн учурда ата-энеси (жалгыз атасы же энеси) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналып, бирок кийин ата-энеси Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калуу менен чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда, бала туулган жерине карабастан Кыргыз Республикасынын жараны деп таанылат. Башка жарандыгы бар бала Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны гана катары каралат.
83. Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан асырап алынган же болбосо Кыргыз Республикасынын жарандарынын камкорчулугу же көзөмөлчүлүгү белгиленген чет өлкөлүк жаран болуп саналган же жарандыгы жок бала Кыргыз Республикасынын жараны деп таанылат.
84. Бири Кыргыз Республикасынын жараны, экинчиси жарандыгы жок болуп саналган адамдар тарабынан асырап алынган же болбосо камкорчулук же көзөмөлчүлүк белгиленген чет өлкөлүк жаран болуп саналган же жарандыгы жок бала Кыргыз Республикасынын жараны деп таанылат.
85. Жубайлар тарабынан асырап алынган же болбосо бири Кыргыз Республикасынын жараны, экинчиси чет өлкөлүк жаран болуп саналган адамдар тарабынан камкорчулук же көзөмөлчүлүк белгиленген чет өлкөлүк жаран болуп саналган же жарандыгы жок бала, асырап алуучулардын экөөнүн тең, камкорчулардын же көзөмөлчүлөрдүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен Кыргыз Республикасынын жараны деп таанылат.
86. Жубайлар тарабынан асырап алынган же болбосо бири Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган адамдар тарабынан камкорчулук же көзөмөлчүлүк белгиленген жарандыгы жок бала Кыргыз Республикасынын жараны деп таанылат.
87. Ата-энесинин экөө тең (жалгыз атасы же энеси) жарандыкка кабыл алуу арызында баланы көрсөтпөстөн Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынган учурда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын таануу жөнүндө корутундуда мындай балага карата ата-энесин (атасын же энесин) жарандыкка кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына шилтеме берилет.
88. Баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо үчүн керектүү документтердин тизмеги:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын же таандык эместигин аныктоо жөнүндө анкета-арыз, ал аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан АМС аркылуу электрондук формада толтурулат;
2) туулгандыгы тууралуу күбөлүк же актылык жазуунун көчүрмөсү - КБМРда маалыматтар жок болсо;
3) ата-энесинин (ата-энесинин бирөөсү гана болгон учурда) (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) паспорттору (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк - каза болгон учурда);
4) эгерде ата-энесинин бири Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандыгына ээ болсо, балада Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандыгы жок экендигин ырастаган документ;
5) ушул Жобонун 77-87-пункттарында көрсөтүлгөн негиздерди ырастоочу документтер.
89. Кыргыз Республикасынын жараны деп таанылган балдарга Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендиги жөнүндө маалымкат же белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту таризделет жана берилет.
9-глава. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуунун тартиби жана негиздери
90. Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандыгы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органы же болбосо Кыргыз Республикасынын ички иштер органы тарабынан арыз ээси жасалма документтерди пайдалануу же токтом чыгаруу жолу менен билип туруп жалган маалыматтарды билдиргендиги, анын негизинде жооптуу чечим кабыл алынгандыгы фактысы аныкталганда билип туруп жалган маалыматтарды же жасалма документтерди берүүнүн натыйжасында алынса, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен белгиленген тартипте алынган Кыргыз Республикасынын жарандыгы жоготулушу мүмкүн.
91. Адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгын билип туруп жалган маалыматтардын жана жасалма документтердин негизинде алуу фактысы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын же Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын чечими колдо болгон материалдар менен бирге Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же чет өлкөдөгү мекемеге Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын же Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын жетекчисинин колу коюлган коштоочу кат менен жиберилет.
92. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/чет өлкөдөгү мекеме берилген материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө өзүнүн корутундусун түзөт.
93. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын же Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын тергөөчүсүнүн токтому менен билип туруп жалган маалыматтардын жана жасалма документтердин негизинде адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу фактысын аныктоо корутунду чыгарууга негиз болот.
94. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө корутунду, тергөөчүнүн токтому жана ага тиркелген материалдар Комиссиянын кароосуна жиберилет.
95. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын же чет өлкөдөгү мекеменин корутундусун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын, Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын арыз ээси жалган документтерди пайдалангандыгы же билип туруп жалган маалыматтарды билдиргендиги фактысын белгилөө жөнүндө чечимин кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин долбоорун даярдайт же көрсөтүлгөн документтерди жана тиркелген материалдарды андан ары Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органына же Кыргыз Республикасынын ички иштер органына өткөрүп берүү үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга же чет өлкөдөгү мекемеге кайтарып берет.
96. Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандыгын алган болсо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготот.
97. Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандыгын алган болсо, мындай жагдайларды ырастаган документтерди (чет өлкөлүк жарандыкка кабыл алуу жөнүндө маалымкат же чет мамлекеттин паспорту) тиркөө менен жаран отуз календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө арызы менен кайрылууга милдеттүү.
98. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө арыздын жана Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандыгын алгандыгын ырастаган документтердин негизинде аймактык бөлүм/чет өлкөдөгү мекеме Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жүйөлүү корутунду чыгарат, ал Комиссияга жиберилет.
99. Эгерде Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандыгын алган Кыргыз Республикасынын жараны жарандыгын жоготуу жөнүндө арыз менен кайрылбаса жана бул жөнүндө башка булактардан белгилүү болсо, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/чет өлкөдөгү мекеме тарабынан мындай фактыны ырастоо максатында тиешелүү чет мамлекеттерге суроо-талаптарды жөнөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандыгын алган фактысын аныктоо боюнча чаралар көрүлөт.
100. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандыгын алуу фактысы ырасталган учурда, колдо болгон материалдардын негизинде аймактык бөлүм/чет өлкөдөгү мекеме Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн корутунду чыгарат, ал Комиссияга жиберилет.
101. Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыгы жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызы болгондо Кыргыз Республикасынын жарандыгы жоготулат.
102. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны аймактык бөлүмгө/чет өлкөдөгү мекемеге чет өлкөлүк паспорттун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жарандыгы бар экендиги жөнүндө маалымкатты тиркөө менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз менен кайрылат.
103. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө арыздын жана чет өлкөлүк паспорттун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн же чет өлкөлүк жарандыгы бар экендиги жөнүндө маалымкаттын негизинде аймактык бөлүм/чет өлкөдөгү мекеме Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жүйөлүү корутунду чыгарат, ал Комиссияга жиберилет.
104. Комиссиянын чечими кеңешменин протоколу менен таризделет.
105. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө акыркы чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.
106. Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө чечим кабыл алынган адамдын жашаган жери же турган жери белгилүү болсо, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган же чет өлкөдөгү мекеме тарабынан арыз ээсине жашаган жери же турган жери боюнча почта дарегине кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.
107. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган жарандыгын жоготуу жөнүндө чечим "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине ылайык даттанылышы мүмкүн.
108. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө чечим чыгарганда, ага карата мындай чечим чыгарылган Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган же жүргөн адам Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун белгиленген тартипте андан ары жок кылуу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга тапшырат.
109. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө чечим кабыл алынган Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же турган адам Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун чет өлкөдөгү мекемеге тапшырат, ал аны жараксыз абалга келтирет жана дипломатиялык почта аркылуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмүнө жиберет.
110. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмү жараксыз абалга келтирилген Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун фельдъегердик байланыш аркылуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте андан ары жок кылуу үчүн жиберет.
111. Жарандыкты жоготуу жол-жобосу акысыз жүргүзүлөт.
112. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө маалымат АМСте сакталат.
10-глава. Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан анын башка жарандыгы бар экендиги же аны токтотуу жөнүндө билдирүү тартиби
113. Чет мамлекеттин жарандыгын алган же чет мамлекеттин жарандыгына ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны бул жөнүндө аймактык бөлүмгө/чет өлкөдөгү мекемеге чет мамлекеттин жарандыгын алган күндөн тартып үч айдын ичинде жеке кайрылуу менен же тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү онлайн форматта билдирүүгө милдеттүү.
114. Кыргыз Республикасынын жараны башка жарандыгы токтотулган учурда бул жөнүндө аймактык бөлүмгө бул фактыны ырастаган документтин негизинде билдире алат.
115. Кыргыз Республикасынын жараны чет өлкөдөгү мекемеге башка жарандыгы бар экендиги жөнүндө кайрылуу жана паспорттун көчүрмөсүн берүү жолу менен билдирет.
116. Билдирүүнү каттоодо аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери КБМРде жаранды идентификациялоону жүргүзөт. Жаранга билдирүү факты тиешелүү маалымкатты берүү менен ырасталат.
Аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыгы бар экендиги/токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтарды АМСке киргизет.
117. Мамлекеттик органдардан же башка органдардан ырастоочу документтери менен бирге Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыгы бар экендиги жөнүндө маалымат келип түшкөн учурда, аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкерлери мындай жарандардын башка жарандыгы бар экендиги жөнүндө маалыматты АМСке киргизет.
11-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин аткаруу тартиби
118. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына кол коюлган күндөн тартып башталат.
119. Жарандыкка кабыл алуу же жарандыктан чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилүүгө тийиш.
120. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимин АМС аркылуу өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнө жиберет.
121. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарандыкка кабыл алуу же жарандыктан чыгаруу жөнүндө Жарлыгы калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келип түшкөн күндөн тартып он төрт жумуш күндөн кечиктирбестен АМСке киргизилүүгө тийиш.
122. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы келип түшкөн күндөн тартып он төрт жумуш күндөн кечиктирбестен арыз ээсине Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгы чыккандыгы жөнүндө АМС аркылуу смс-билдирүү жиберилет, арыз ээсинин байланыш маалыматтары жок болгон учурда - жашаган дареги боюнча жазуу жүзүндөгү билдирүү же арызда көрсөтүлгөн электрондук почта боюнча электрондук кат жөнөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгы чыккандыгы жөнүндө билдирүү милдети чет өлкөдөгү мекемеге жүктөлөт.
123. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууну тариздеген жарандар Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун аймактык бөлүмдөргө, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чет өлкөдөгү мекемелерге тапшырууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына кол коюлган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жараксыз деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын паспортун тапшыруу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууну тариздеген жарандарга жүктөлөт.
124. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталууга жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен белгиленген тартипте документтештирилүүгө тийиш.
125. Жарандык маселелер боюнча материалдар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары электрондук түрдө АМСте, кагаз түрүндө - Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинде архивделет.
12-глава. Жарандык маселелер боюнча чечимдерге даттануу
126. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарандык маселелер боюнча чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
127. Даттануу Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү чечими кабыл алынган күндөн тартып алты айдын ичинде берилиши мүмкүн. Жарандык маселелер боюнча чечимге даттануунун жүйөлүү себептер боюнча өткөрүп жиберилген мөөнөтү сот тартибинде калыбына келтирилиши мүмкүн.
128. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздарды кароодон баш тартуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча чечимдерди аткаруу тартибин бузган кызмат адамдарынын башка аракеттери баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамына же белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.