Редакцияот 27.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырманчы сессиясынын

 

2024-жылынын 03-мартындагы № 3

 

“С.Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “С.Атабеков муниципалдык ишканасын түзүүгө уруксат берүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасында пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик реформага ылайык айыл өкмөтүндө “С.Атабеков” муниципалдык ишканасын ачууга уруксат берүү жөнүндө айылдык кенеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.С.Атабеков айыл аймагында таза суу, жайыт,тазалык, сугат суу боюнча айыл өкмөтүнүн “С.Атабеков “ муниципалдык ишканасын түзүүгө уруксат берилсин.

 

2.Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.

 

4.Токтом www.atabekov-kenesh.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

А.Эралиев