Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы
2024-жылдын 28-майында № 28-43\15
«Р-2 зонасынын уруксат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине толуктоону киргизʏʏ жѳнʏндѳ»
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысы С.С.Ɵскѳнбаевдин, Р-2 зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2024-жылдын 24-майындагы, чыг:№01-10/360, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Р-2 (шаардык парк аймагы зонасы) зонасынын уруксат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, Каракол шаарындагы, Н.Айтматова №10 дарегинде жайгашкан, аянты 1,02 га болгон жер тилкеси, С-1 (саламаттыкты сактоо, билим берʏʏ, илим, дене тарбия жана чоң аянттуу спорт обьектилери зонасы) зонасына которулсун.
-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн толуктоону киргизсин;
-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагынын аткаруусун камсыз кылсын.
3. Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин
сакталышын камсыз кылсын;
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн
областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура,
курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол
шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов