САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясынын
2024-жылынын 15-февралы № 2
“Айыл өкмөтүнүн Кызыл-Багыш айылындагы Кыдырша участкасына айыл макамын берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Кызыл-Багыш айылынын Кыдырша участкасынын тургундарынын 26.01.2024-жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун жана айыл тургундарынын суроо-талаптарынын негизинде айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Кызыл-Багыш айылынын Кыдырша участкасынын тургундарынын 26.01.2024-жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун жана айыл тургундарынын суроо-талаптарынын негизинде азыргы күндө элдин саны көбөйүп, жайгашкан аянты өскөндүгүн эске алып бир добуштан Кыдырша калктуу участкасына Кыдырша айылы макамын берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун негизги тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кенештин катчысына жүктөлсүн.
4.Токтом www.atabekov-kenesh.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |