Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы
2024-жылдын 28-майындагы № 28-43\16
СХ-1 зонасынын уруксат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине толуктоону киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысы С.С.Ɵскѳнбаевдин, СХ-1 зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2024-жылдын 24-майындагы, чыг:№01-10/360, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. СХ-1 (айыл чарба пайдалануу зонасы) зонасынын уруксат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, Каракол шаарындагы, И.Кʏчʏков шоссеси дарегинде жайгашкан, аянты 3,7 га болгон жер тилкеси, (обьезд) С-6 (аэропорт аймагы зонасы) зонасына которулсун.
2. Каракол шаарынын мэриясы бардык зарыл болгон жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык жʏргʏзсʏн.
-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн толуктоону киргизсин;
-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагынын аткаруусун камсыз кылсын.
4. Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин
сакталышын камсыз кылсын;
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн
областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура,
курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол
шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов