Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
2024-жылдын 11-майы №25-7
“Ош-Исфана” жолунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш №64-контурундагы жайыт жеринин таштак, жараксыз 0,04 ч.м. аянтына “Намазкана жана ажаткана” курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлери категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
“Ош-Исфана” жолунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш №64-контурундагы жайыт жеринин таштак, жараксыз 0,04 ч.м. аянтына “Намазкана жана ажаткана” курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин кезектеги сессияда депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ош-Исфана” жолунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш №64 контурундагы жайыт жеринин таштак, жараксыз 0,04 ч.м. аянтына “Намазкана жана ажаткана” курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Трансформациялоого тиешелүү документтерин даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э |