Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
2024-жылдын 11-майы №25-8
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы А. Султановдун жеке менчигиндеги 0,40га мончо багытындагы жер аянтынын максаттуу багытын турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы А. Султановдун жеке менчигиндеги 0,40га мончо багытындагы жер аянтынын максаттуу багытын турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы А. Султановдун жеке менчигиндеги 0,40га мончо багытындагы жер аянтынын максаттуу багытын турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы А. Султановдун жеке менчигиндеги 0,40га мончо багытындагы жер аянтынын максаттуу багытын турак жай багытына өзгөртүүгө тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э |