Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2024-жылдын 24-майы №26-1
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ буйругунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүнүн коэффициенти К 10 дон 30 га чейинки өлчөмүндө белгиленсин.
2.Токтомду аткаруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э |