Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2024-жылдын 24-майы №26-2
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2026-2027-жылдарга болжолу боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2026-2027-жылдарга болжолу боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндөгү маселени карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 79- жана 127-беренелерине ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2026-2027-жылдарга болжолу боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2.Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттары жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда жана кабыл алууда активдүү катышууга милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э |