Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-июну № 62
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Аламүдүн, Чүй, Панфилов, Жети-Өгүз, Ноокат, Базар-Коргон, Токтогул, Алай жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардан катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн, Чүй, Панфилов, Жети-Өгүз, Ноокат, Базар-Коргон, Токтогул, Алай жана Баткен аймактык шайлоо аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Аламүдүн, Чүй, Панфилов, Жети-Өгүз, Ноокат, Базар-Коргон, Токтогул, Алай жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардан катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Аламүдүн, Чүй, Панфилов, Жети-Өгүз, Ноокат, Базар-Коргон, Токтогул, Алай жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 17-июнундагы № 62 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Таш-Мойнок айылдык | Кадырбек уулу Чынгыз | Өз арызы | № 11, 06.06.2022-ж. |
Чүй району | ||||
2 | Ак-Бешим айылдык | Тологонов Жанболотбек Тологонович | Өз арызы | № 108, 08.06.2022-ж. |
Панфилов району | ||||
3 | Кайыңды шаардык | Карабаев Тынчтык Кенжебекович (№ 1) ("Уулу-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 12, 10.06.2022-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
4 | Даркан Айылдык | Эсенгулов Эрнис Эсенгулович | Өз арызы | № 5, 10.06.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
5 | Бел Айылдык | Казначиев Калмамат Абдулаевич | Өз арызы | № 3, 11.06.2022-ж. |
Алай району | ||||
6 | Жошолу айылдык | Абдылдаев Канатбек Койлубаевич | Өз арызы | № 34, 13.06.2022-ж. |
7 | Корул айылдык | Жаныбаев Сапарбек Тургуналиевич | Өз арызы | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
8 | Базар-Коргон шаардык | Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович (№ 11) ("Ата-Журт Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 5, 03.06.2022-ж. |
Токтогул району | ||||
9 | Кетмен-Добо айылдык | Дженалиев Советбек Нуржанович | Өз арызы | № 40, 08.06.2022-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
10 | Дара айылдык | Мисиралиева Урматбүбү | Өз арызы | № 39, 14.06.2022-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 17-июнундагы № 62 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Таш-Мойнок айылдык | Джумашов Сталбек Огонбаевич | Убактылуу иштебейт | № 11, 06.06.2022-ж. |
Чүй району | ||||
2 | Ак-Бешим айылдык | Алиев Темирлан Русланович | Убактылуу иштебейт | № 108, 08.06.2022-ж. |
Панфилов району | ||||
3 | Кайыңды шаардык | Сулайманов Марат Болотбекович (№ 4) ("Уулу-Журт" саясий партиясы) | Айдоочу | № 12, 10.06.2022-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
4 | Даркан айылдык | Мамбетов Эрнэст Абаевич | Арис, техник | № 5, 10.06.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
5 | Бел айылдык | Абдувалиев Чынгызали Аскаралиевич | Убактылуу иштебейт | № 3, 11.06.2022-ж. |
Алай району | ||||
6 | Жошолу айылдык | Шакиров Улукбек Касымбекович | Убактылуу иштебейт | № 34, 13.06.2022-ж. |
7 | Корул айылдык | Раева Элизавета Шайлообаевна | Орто мектебинин директору | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
8 | Базар-Коргон шаардык | Жуманазаров Элдияр Жамшитович (№ 43) ("Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 5, 03.06.2022-ж. |
Токтогул району | ||||
9 | Кетмен-Добо айылдык | Тобокел уулу Амантур | Мугалим | № 41, 08.06.2022-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
10 | Дара айылдык | Бабакулова Жумагүл Жолдошбаевна | Врач | № 39, 14.06.2022-ж. |