Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы
2024-жылдын 28 майындагы №28-43\18
«К-1 жана Ц-3 зоналарынын уруксат берилген жер тилкелеринин пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине толуктоону киргизʏʏ жѳнʏндѳ»
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысы С.С.Ɵскѳнбаевдин, К-1 жана Ц-3 зоналарындагы жер тилкелеринин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2024-жылдын 24-майындагы, чыг:№01-10/281, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. К-1 (коммуналдык жана транспорт ишканаларынын зонасы) зонасынын уруксат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, Каракол шаарындагы, Валиханов №77/1 дарегинде жайгашкан, аянты 4224,50 м2 болгон жер тилкеси, Ц-2 (жергиликтʏʏ тейлѳѳ жана соода борборлорунун аймагы) зонасына которулсун.
2. К-1 (коммуналдык жана транспорт ишканаларынын зонасы) зонасынын уруксат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, Каракол шаарындагы, Валиханов №77/2 дарегинде жайгашкан, аянты 3777,20 м2 болгон жер тилкеси, Ц-4 (транспорттук тʏйʏндѳрдѳ ишкердик жана ѳндʏрʏштʏк ишмердʏʏлʏк жана коммерциялык ѳнʏгʏʏ зонасы) зонасына которулсун.
3. Ц-3 (базарлар жана дʏң соода зонасы) зонасынын уруксат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, Каракол шаарындагы, Валиханов №2 дарегинде жайгашкан, аянты 2000,0 м2 болгон жер тилкеси, Ж-2Б (майда жана ири мʏйʏздʏʏ ʏй жаныбарларын кармоого уруксааты бар, жеке менчик турак жай зонасы) зонасына которулсун.
-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн толуктоону киргизсин;
-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагынын аткаруусун камсыз кылсын.
5. Р.Т.Жаныманова: Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин
жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын;
6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн
областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтом ММКларда жарыялансын.
8. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура,
курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол
шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов