Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-августу № 468
Кыргыз Республикасындагы көмөкчү юристтердин иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасындагы көмөкчү юристтердин иши жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) көмөкчү юристтердин биринчи жалпы чогулушун уюштурсун жана өткөрсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-августундагы № 62 (3616) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.А. Касымалиев |