Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-июлу № 67
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Аламүдүн, Аксы, Ноокат, Сүлүктү, Кадамжай, Нарын шаардык, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Каракол, Тоң жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Аламүдүн, Аксы, Ноокат, Сүлүктү, Кадамжай, Нарын шаардык, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Каракол, Тоң жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн, Аксы, Ноокат, Сүлүктү, Кадамжай, Нарын шаардык, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Каракол, Тоң жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аламүдүн, Аксы, Сүлүктү, Кадамжай, Нарын шаардык, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Каракол, Тоң жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Аламүдүн, Аксы, Сүлүктү, Кадамжай, Нарын шаардык, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Каракол, Тоң жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 15-июлдагы № 67 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Төмөнкү-Аларча айылдык | Сооронкулов Мелисбек Сейдимухамбетович | Өз арызы | № 12, 30.06.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
2 | Кош-Дөбө айылдык | Солтонкулова Райма Асановна | Каза болуп калгандыгына байланыштуу | № 9, 29.06.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
3 | Төөлөс айылдык | Батырова Арзыкан Шарабидиновна | Өз арызы | № 4, 02.07.2022-ж. |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
4 | Сүлүктү шаардык | Аширов Иманбек Дооронович (№ 5) ("Онугуу-Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 3, 15.06.2022-ж. |
Кадамжай району | ||||
5 | Айдаркен шаардык | Алиев Мурадил Жолдубаевич (№ 2) ("Ата Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 16, 04.07.2022-ж. |
6 | Айтемиров Мурат Камчыбекович (№ 1) ("Жаңы Доор" деп. фракциясы) | Өз арызы | ||
Нарын облусу | ||||
Нарын шаардык | ||||
7 | Нарын шаардык | Кусормамбетова Ырыскул Эмилбековна (№ 3) ("Улуу Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 75, 25.06.2022-ж. |
Жумгал району | ||||
8 | Түгөл-Сай айылдык | Жумабек уулу Талгартбек | Өз арызы | № 60, 01.07.2022-ж. |
Нарын району | ||||
9 | Чет-Нура айылдык | Жусубалиева Майрамкүл Токтомамбетовна | Өз арызы | № 4, 05.07.2022-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
10 | Садыр-Аке айылдык | Абдыразакова Салкын Жантаевна | Өз арызы | № 5, 04.07.2022-ж. |
Каракол шаары | ||||
11 | Каракол шаардык | Мажиюн Фарида Багиевна (№ 3) ("Эмгек" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 2, 04.07.2022-ж. |
12 | Сойкоева Гульзат Кудайбергеновна (№ 3) ("Замандаш" деп. фракциясы) | Өз арызы | ||
Тоң району | ||||
13 | Тоң айылдык | Жумашев Азат Ургазиевич | Өз арызы | № 10, 06.06.2022-ж. |
Ак-Суу району | ||||
14 | Кара-Жал айылдык | Бекбо уулу Замирбек | Өз арызы | № 9, 07.06.2022-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 15-июлдагы № 67 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Төмөнкү-Аларча айылдык | Абышкаева Айдай Джумакадыровна | Төмөнкү-Аларча айылынын үй-бүлөлүк тобунун бейтапканасында, дарыгер | № 12, 30.06.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
2 | Кош-Дөбө айылдык | Нармырзаев Алтынбек Өмүралиевич | С.Жээнбаев атындагы орто мектеби, директор | № 9, 29.06.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
3 | Төөлөс айылдык | № 3 шайлоо округу боюнча талапкерлер жок болгондуктан кийинки шайлоого чейин депутаттык мандат бош турат. | ||
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
4 | Сүлүктү шаардык | Муминов Асылбек Жаныбаевич (№ 11) ("Онугуу-Прогресс" саяс. парт.) | "Ак-Булак комур" ЖЧК, башкы эсепчи | № 3, 15.06.2022-ж. |
Кадамжай району | ||||
5 | Айдаркен шаардык | Тушаев Айдар Жигиталиевич (№ 4) ("Ата Журт " саяс. парт.) | Стоматолог | № 17, 04.07.2022-ж. |
6 | Хамбаров Руслан Хамдамалиевич (№ 4) ("Жаңы Доор" саяс. парт.) | Жеке ишкер | ||
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
7 | Нарын шаардык | Асыпбаева Нуркул Бейшенакунова (№ 6) ("Улуу Кыргызстан" саяс. парт.) | "Ак-Дил" бала бакчасы, директор | № 76, 28.06.2022-ж. |
Жумгал району | ||||
8 | Түгөл-Сай айылдык | Мамаева Айнур Акылбековна | Орто мектеп, мугалим | № 61, 01.07.2022-ж. |
Нарын району | ||||
9 | Чет-Нура айылдык | Мамырбеков Асылбек Асантурович | Айылдык клуб, маданият-массалык иш-чараларды уюштуруучу | № 4, 05.07.2022-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
10 | Садыр-Аке айылдык | Мамытова Гульзат Исраиловна | Почта бөлүмү, кызматкер | № 6, 04.07.2022-ж. |
Каракол шаары | ||||
11 | Каракол шаардык | Атагельдиева Ибарат Касеновна (№ 6) ("Эмгек" саяс. парт.) | Төрөт үйүнүн жетекчиси | № 2, 04.07.2022-ж. |
12 | Иманалиева Дилнара Малдышевна (№ 6) ("Замандаш" саяс. парт.) | Бала-бакчанын директору | ||
Тоң району | ||||
13 | Тоң айылдык | Атамбаев Талантбек Макенович | Убактылуу иштебейт | № 10, 06.06.2022-ж. |
Ак-Суу району | ||||
14 | Кара-Жал айылдык | Джумабаева Венера Шаршебаевна | Бала бакчанын жетекчиси | № 10, 07.06.2022-ж. |