Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXVIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-августундагы №205
«Улахол айыл Өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен сатып алуулардан үнөмдөлгөн 294970,25 (Эки жүз токсон төрт миң тогуз жүз жетимиш) сом жыйырма беш тыйын акча каражатынын долбоорун бекитүү жөнүндө»
-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Айыл Өкмөтүнүн бөлүм башчысы, башкы бухгалтер А.Кыдыкованынжана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитеттинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл Өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен сатып алуулардан үнөмдөлгөн 294970,25 25 (Эки жүз токсон төрт миң тогуз жүз жетимиш) сом жыйырма беш тыйын акча каражаты төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:
№ | Группа | Статьясы | Аткарылуучу жумуштар кайрылуулардын негизинде | Суммасы (сом) |
70111 - Аппарат | ||||
1 | 70111 | 22221100 | Туура –Суу айылындагы кичи футбол аянтчасына материал алууга | 150000,0 |
2 | 70111 | 22154900 | Муниципалдык обьектилерди камсыздандырууга | 89470,25 |
Аппарат боюнча | 239470,25 | |||
70821-Библиотека | ||||
1 | 70821 | 22241100 | Шор-Булак айылындагы китепканага комур сатып алууга | 13500,0 |
Библиотека боюнча | 13500,0 | |||
70911 - Бала бакча | ||||
1 | 70911 | 22221100 | Кара-Талаа айылындагы бала бакчанын чарба буюмдарын алууга | 15000,0 |
Бала бакча бонча | 15000,0 | |||
70629- ЖКХ | ||||
1 | 70692 | 22141100 | ЧС шартына ГСМ алууга | 27000,0 |
ЖКХ боюнча | 27000,0 | |||
БАРДЫГЫ | 294970,25 | |||
2. Бөлүштүрүлгөн акча каражаттарын максатына жараша жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтери А.Кыдыковага милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 5-августундагы №205 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева