Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-сентябры № 81
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Кара-Кулжа, Баткен шаардык, Жайыл, Панфилов, Ала-Бука, Кемин, Тоң жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзе айылдык кеңеши боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айылдык кеңеши боюнча;
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаардык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин жана Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кара-Суу жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдерин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа, Баткен шаардык, Жайыл, Панфилов, Ала-Бука, Кемин, Тоң жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Суу жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Суу, Кара-Кулжа, Баткен шаардык, Жайыл, Панфилов, Ала-Бука, Кемин жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Кара-Суу, Кара-Кулжа, Баткен шаардык, Жайыл, Панфилов, Ала-Бука, Кемин жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 81 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
1 | Кара-Кочкор айылдык | Курманбаев Ибраим Шамшиевич | Өз арызы | № 5, 29.08.2022-ж. |
Баткен облусу | ||||
2 | Баткен шаардык | Ашимова Канышай Абылкасымовна (№ 6) "Ынтымак" саясий фракциясы | Өз арызы | № 34, 30.08.2022-ж. |
Кадамжай району | ||||
3 | Орозбеков айылдык | Шаравидинов Маратбек Салайдинович | Өз арызы | № 18, 12.09.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
4 | Талды-Булак айылдык | Джетыбаева Мээрим Токторбековна | Өз арызы | № 28, 08.09.2022-ж. |
Панфилов району | ||||
5 | Фрунзе айылдык | Камалиев Куралбек Кадырбекович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 18, 08.09.2022-ж. |
Кемин району | ||||
6 | Орловка шаардык | Тентиев Талгарбек Алманбетович (№ 4) "Социал-Демократтар" саясий фракциясы | Өз арызы | № 50, 12.09.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
7 | Өрүктү айылдык | Сатыбеков Сатылган Ыстамалиевич | Өз арызы | № 3, 08.09.2022-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
8 | Күн-Чыгыш айылдык | Адылов Айтбек Ырысбекович | Өз арызы | № 11, 13.09.2022-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 81 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Кара-Суу шаардык | Полатов Кудратилло Гапиржанович ("№ 15) "Эл үмүтү" саяс. партиясы | Өз арызы | № 17, 29.08.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
2 | Орловка шаардык | Иманалиев Тилек Джаныбекович (№ 5) "Социал-Демократтар" саяс. партиясы | Өз арызы | № 50, 12.09.2022-ж. |
3 | Турсуналиева Аида Алмасбековна (№ 6) "Социал-Демократтар" саяс. партиясы | Өз арызы | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 81 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Кара-Суу шаардык | Алиев Бексултан Таштемирович (№ 16) "Эл үмүтү" саясий партиясы | "Авто Лидер" окутуу борбору жетекчисинин орун басары | № 17, 29.08.2022-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
2 | Кара-Кочкор айылдык | Абыев Расул Мыктыбекович | Жеке ишкер | № 5, 29.08.2022-ж. |
Баткен облусу | ||||
3 | Баткен шаардык | Жороева Каныгүл Саматовна (№ 12) "Ынтымак" саясий партиясы | БООБ жугуштуу оруулар бөлүмүнүн башчысы | № 34, 30.08.2022-ж. |
Кадамжай району | ||||
4 | Орозбеков айылдык | Суюнов Сражидин Мусаевич | Дыйканчы | № 19, 12.09.2022-ж. |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
5 | Талды-Булак айылдык | Мусуралиев Чалкарбек Сулайманович | Убактылуу иштебейт | № 29, 08.09.2022-ж. |
Панфилов району | ||||
6 | Фрунзе айылдык | Джапралиев Алмасбек Кадырбекович | Убактылуу иштебейт | № 19, 08.09.2022-ж. |
Кемин району | ||||
7 | Орловка шаардык | Абираев Азизбек Александрович (№ 7) "Социал-Демократтар" саясий партиясы | Дыйканчы | № 51, 12.09.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
8 | Өрүктү айылдык | Хасанбаев Жолдошбай Тургунбаевич | Жеке ишкер | № 4, 08.09.2022-ж. |