Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-октябры № 91
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Сүлүктү, Баткен, Лейлек жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаардык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айылдык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Сүлүктү, Баткен, Лейлек жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Сүлүктү, Баткен, Лейлек жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Сүлүктү, Баткен, Лейлек жана Панфилов аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 14-октябрындагы № 91 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Жалал-Абад облусу | |||
Таш-Көмүр шаары | |||
1 | Таш-Көмүр шаардык | Мырзаканов Самат Кылычбекович (№ 10) "Жаштар" депутаттык фракциясы | № 13, 12.10.2022-ж. (13.09.2022-ж. - өз арызы) |
2 | Арстанбеков Асылбек Өмүркулович (№ 17) "Жаштар" депутаттык фракциясы | № 14, 12.10.2022-ж. (13.09.2022-ж. - өз арызы) | |
Кара-Көл шаары | |||
3 | Кара-Көл шаардык | Каракожоев Темирлан Куржунбаевич (№ 1) "Бирге-Вместе" депутаттык фракциясы | № 05, 05.10.2022-ж. (Кара-Көл жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмү тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилген күнү - 09.09.2022-ж., № KGZ07 0203506, № 109); |
Жалал-Абад шаары | |||
4 | Жалал-Абад шаардык | Мадумаров Шерзод Азимжанович (№ 13) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | № 5, 06.10.2022-ж. (03.10.2022-ж. - өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Сүлүктү шаары | |||
5 | Сүлүктү шаардык | Муминов Асылбек Жаныбаевич (№ 11) "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы | № 4, 11.10.2022-ж. (06.10.2022-ж. - өз арызы) |
Баткен району | |||
6 | Кыштут айылдык | Бекчеев Аширбай Сатыбалдиевич | № 44, 05.10.2022-ж. (12.09.2022-ж. - өз арызы) |
Лейлек району | |||
7 | Раззаков шаардык | Туракулов Хатам Ахрарович (№ 8) "Мурас" депутаттык фракциясы | № 20, 07.10.2022-ж. (08.09.2022-ж.- өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Панфилов району | |||
8 | Кайыңды шаардык | Ракымбаев Женишбек Мэлсович (№ 2) "Тынчтык" депутаттык фракциясы | № 20, 06.10.2022-ж. (26.09.2022-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 14-октябрындагы № 91 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
1 | Таш-Көмүр шаардык | Сооронбаев Кайрат Манасбекович (№ 17) "Жаштар" саясий партиясы | Жеке ишкер | № 13, 12.10.2022-ж. (16.09.2022-ж. - "Жаштар" саясий партиясынын чечими) |
2 | Курманалиев Даирбек (№ 34) "Жаштар" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | № 14, 12.10.2022-ж. (16.09.2022ж. - "Жаштар" саясий партиясынын чечими) | |
Кара-Көл шаары | ||||
3 | Кара-Көл шаардык | Жардамов Садык Орозматович (№ 7) "Бирге-Вместе" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | № 05, 05.10.2022-ж. |
Жалал-Абад шаары | ||||
4 | Жалал-Абад шаардык | Эргешов Байгазы Анаркулович (№ 26) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | № 5, 06.10.2022-ж. (05.10.2022-ж. - "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын чечими) |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
5 | Сүлүктү шаардык | Эрназаров Максытбек Садирович (№ 14) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | № 4, 11.10.2022-ж. (06.10.2022-ж. - "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын чечими) |
Баткен району | ||||
6 | Кыштут айылдык | Айдаров Нуридин Примович | "Таян Таза Суу" коомдук бирикмесинин башчысы | № 44, 05.10.2022-ж. |
Лейлек району | ||||
7 | Раззаков шаардык | Кузиев Алимжон Умаралиевич (№ 13) "Мурас" саясий партиясы | Жеке ишкер | № 20, 07.10.2022-ж. (08.09.2022-ж. - "Мурас" саясий партиясынын чечими) |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
8 | Кайыңды шаардык | Бейшебаев Руслан Искакович (№ 4) "Тынчтык" саясий партиясы | ОсОО "Жумадил", механик | № 21, 06.10.2022-ж. |