Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 23-декабры № 61/XX- 28
Логвиненко айыл аймагы боюнча мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
2022-жылдын 18-январындагы "Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 берениесинин 2-пунктуна ылайык мүлк салыгын киргизүү жөнүндө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы З.Б.Акаеванын маалыматын угуп, талкуулап, пикир алмашып.
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Логвиненко айыл аймагынын аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыктары бекитилсин жана киргизилсин:
-- кыймылсыз мүлк салыгы;
-- транспорт салыгы;
-- жер салыгы;
-- таштанды чыгаруу үчүн төлөм;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Логвиненков айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Асанбековго жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
К.М. Жонгучкаев |