Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы № 1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кадамжай, Лейлек, Сүлүктү, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Сокулук, Чүй, Москва, Нарын жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши боюнча;
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айылдык кеңеши боюнча;
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Зулпуев жана Ынтымак айылдык кеңештери боюнча;
- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Алай районундагы Коңур-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;
- Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа жана Ылай-Талаа айылдык кеңештери боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу, Ак-Дөбө жана Даркан айылдык кеңештери боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Сокулук районундагы Камышановка айылдык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Чүй районундагы Шамшы айылдык кеңеши боюнча;
- Москва аймактык шайлоо комиссиысынын - Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын - Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айылдык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ырыс жана Көк-Арт айылдык кеңештери боюнча.
Ошондой эле Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек, Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак, Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Лейлек, Ноокат, Чоң-Алай жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынан чечимдери келип түштү.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай, Лейлек, Сүлүктү, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Сокулук, Чүй, Москва, Нарын жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Лейлек, Ноокат, Чоң-Алай жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кадамжай, Лейлек, Сүлүктү, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Сокулук, Чүй, Москва, Нарын жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Кадамжай, Лейлек, Сүлүктү, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Сокулук, Чүй, Москва, Нарын жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 25-январындагы № 1 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
1 | Кыргыз-Кыштак айылдык | Абдуллаева Кумушай Коргонбаевна | Кадамжай АШК № 24, 15.12.2022-ж. (21.09.2021-ж. № УД-67/21-Ба-2 Баткен облусунун Кадамжай райондук соттун өкүмүнүн негизинде) |
Лейлек району | |||
2 | Лейлек айылдык | Мукарамов Равшанбек Атамбекович | Лейлек АШК № 1, 12.01.2023-ж. (10.01.2023-ж. - өз арызы) |
3 | Жамилова Мукадас Абдирашитовна | Лейлек АШК № 1, 12.01.2023-ж. (10.01.2023-ж. - өз арызы) | |
Сүлүктү шаары | |||
4 | Сүлүктү шаардык | Бактыбек уулу Толкунбек (2) "Республика" депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК № 1, 18.01.2023-ж. (10.01.2023-ж. - өз арызы) |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
5 | Т.Зулпуев айылдык | Назаров Жыргалбек Сабырович | Ноокат АШК № 1, 13.01.2023-ж. (29.12.2022-ж. - өз арызы) |
6 | Ынтымак айылдык | Ашимов Самат Абдумажитович | Ноокат АШК № 2, 13.01.2023-ж. (13.01.2023-ж. - өз арызы) |
Алай району | |||
7 | Коңур-Дөбө айылдык | Ракманберди уулу Эламан | Алай АШК № 36, 10.01.2023-ж. (09.01.2023-ж. - өз арызы) |
8 | Амат уулу Алимбек | Алай АШК № 36, 10.01.2023-ж. (09.01.2023-ж. - өз арызы) | |
9 | Айдарбек уулу Чубак | Алай АШК № 37, 18.01.2023-ж. (16.01.2023-ж. - өз арызы) | |
Чоң-Алай району | |||
10 | Кашка-Суу айылдык | Сүйүндүк уулу Айбек | Чоң-Алай АШК № 3/1, 12.01.2023-ж. (30.12.2022-ж. - өз арызы) |
Кара-Кулжа району | |||
11 | Кара-Кулжа айылдык | Кадыр уулу Тыныбек | Кара-Кулжа АШК № 1, 17.01.2023-ж. (10.01.2023-ж. - өз арызы) |
12 | Ылай-Талаа айылдык | Мойдунов Абдумалик Сатарович | Кара-Кулжа АШК № 1, 17.01.2023-ж. (10.01.2023-ж. - өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Жети-Өгүз району | |||
13 | Ак-Дөбө айылдык | Ниязалиева Жибек Шаршеевна | Жети-Өгүз АШК № 1, 09.01.2023-ж. (Жети-Өгүз район жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмү тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилген күнү - 21.10.2022-ж., № KGZ07 0201641, № 451) |
14 | Саруу айылдык | Шакенбаева Клара Октябревна | Жети-Өгүз АШК № 1, 09.01.2023-ж. (25.12.2022-ж. - өз арызы) |
15 | Даркан айылдык | Жаманаков Мухтар Субанбекович | Жети-Өгүз АШК № 2, 19.01.2023-ж. (09.01.2023-ж. - өз арызы) |
Ак-Суу району | |||
16 | Кара-Жал айылдык | Асакеев Алтынбек Усупжанович | Ак-Суу АШК № 1, 18.01.2023-ж. (01.11.2022-ж. - өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
17 | Камышановка айылдык | Жусупов Ташполот Иброхимжонович | Сокулук АШК № 1, 11.01.2023-ж (30.11.2022-ж. Камышановка а/к № 1/16 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу) |
Чүй району | |||
18 | Шамшы айылдык | Орозбаков Куванычбек Джолдошбаевич | Чүй АШК № 110, 18.01.2023-ж. (10.01.2023-ж. - өз арызы) |
Москва району | |||
19 | Ак-Суу айылдык | Усенбаев Марат Бекболотович | Москва АШК № 01, 18.01.2023-ж. (16.01.2023-ж. - өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын району | |||
20 | Миң-Булак айылдык | Усенов Илияз Төлөбаевич | Нарын АШК № 1, 16.01.2023-ж. (09.01.2023-ж. - өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
21 | Көк-Арт айылдык | Абдулажанов Султанбек Абдулажанович | Сузак АШК № 40, 18.01.2023-ж. (17.01.2023-ж. - өз арызы) |
22 | Ырыс айылдык | Дадажанов Махаммадрасул Хусанбаевич | Сузак АШК № 42, 18.01.2023-ж. (17.01.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 25-январындагы № 1 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Баткен облусу | |||
Лейлек району | |||
1 | Лейлек айылдык | Тотуева Зулкумар Моллоевна | Лейлек АШК, № 1, 12.01.2023-ж. (10.01.2023-ж.- өз арызы) |
2 | Жанкараев Кайратбек Абдимиталипович | Лейлек АШК, № 1, 12.01.2023-ж. (10.01.2023-ж.- өз арызы | |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
3 | Ынтымак айылдык | Турсунов Каарбек Жеенбаевич | Ноокат АШК, № 2, 13.01.2023-ж. (13.01.2023-ж.- өз арызы) |
Чоң-Алай району | |||
4 | Кашка-Суу айылдык | Колчоков Аттокур Абдрашутович | Чоң-Алай АШК, № 3/1, 12.01.2023-ж. (09.01.2023-ж.- өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Жети-Өгүз району | |||
5 | Саруу айылдык | Дуйшеева Ардак Кеңешовна | Жети-Өгүз АШК, № 1, 09.01.2023-ж. (24.12.2022-ж.- өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 25-январындагы № 1 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
1 | Кыргыз-Кыштак айылдык | Урустамова Сайдана Абдувалиевна | Дыйкан чарба мүчөсү | Кадамжай АШК № 25, 15.12.2022-ж. |
Лейлек району | ||||
2 | Лейлек айылдык | Шакиров Бурханхожо Ташкожоевич | Жеке ишкер | Лейлек АШК № 1, 12.01.2023-ж. |
3 | Касымов Тыныбек Мавлидинович | Мугалим | ||
Сүлүктү шаары | ||||
4 | Сүлүктү шаардык | Рахманов Мамаюсуп Туйгунович (4) "Республика" саясий партиясы | ЖЧК "Кутчу", директор | Сүлүктү АШК № 1, 18.01.2023-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
5 | Т.Зулпуев айылдык | Шарипбаев Асланбек Бурканович | Дыйкан чарба жетекчиси | Ноокат АШК № 1, 13.01.2023-ж. |
6 | Ынтымак айылдык | Абдыразаков Атамкул Абдиназарович | Айыл чарба кооперативдин мүчөсү | Ноокат АШК № 2, 13.01.2023-ж. |
Алай району | ||||
7 | Коңур-Дөбө айылдык | Жееналиев Сагынбай Апишович | Мугалим | Алай АШК № 36, 10.01.2023-ж. |
8 | Исаев Аскарбек Тынчыевич | Мугалим | ||
9 | Сарыков Батырбек Жунусович | Убактылуу иштебейт | Алай АШК № 37, 18.01.2023-ж. | |
Чоң-Алай району | ||||
10 | Кашка-Суу айылдык | Мааткалыков Турдали Абдижамилович | Дыйкан чарба мүчөсү | Чоң-Алай АШК № 3/1, 12.01.2023-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
11 | Кара-Кулжа айылдык | Өзгөнбаев Акжол Төлөнбаевич | Жеке ишкер | Кара-Кулжа АШК № 2, 17.01.2023-ж. |
12 | Ылай-Талаа айылдык | Жолдошов Абдисамат Кубатбекович | Жеке ишкер | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
13 | Ак-Дөбө айылдык | Акматов Мирбек Рахматуллаевич | Дыйкан чарба мүчөсү | Жети-Өгүз АШК № 1, 09.01.2023-ж. |
14 | Саруу айылдык | Калыкова Салтанат Кусеиновна | Пенсионер | |
15 | Даркан айылдык | Оторбаев Муратбек Жолоочиевич | Дыйкан чарба мүчөсү | Жети-Өгүз АШК № 2, 19.01.2023-ж. |
Ак-Суу району | ||||
16 | Кара-Жал айылдык | Жолдошбек уулу Аскар | Дыканчы | Ак-Суу АШК № 2, 18.01.2023-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
17 | Камышановка айылдык | Камаров Камчыбек | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК № 1, 11.01.2023-ж. |
Чүй району | ||||
18 | Шамшы айылдык | Анарбаев Нурадил Кадырбекович | Пенсионер | Чүй АШК № 111, 11.01.2023-ж. |
Москва району | ||||
19 | Ак-Суу айылдык | Супатаев Чыныбек Жеңилдикович | Жайыт комитетинин төрагасы | Москва АШК № 01, 16.01.2023-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
20 | Миң-Булак айылдык | Тыналиев Алтынбек Турдакунович | Дыйкан чарба мүчөсү | Нарын АШК № 1, 16.01.2023-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
21 | Көк-Арт айылдык | Нурмаматов Медеткан Мамашович | Мугалим | Сузак АШК № 41, 18.01.2023-ж. |
22 | Ырыс айылдык | Абдужалилов Расулжан Сайдирахманович | Жеке ишкер | Сузак АШК № 43, 18.01.2023-ж. |