КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-февралы № 7
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Суу, Тоң, Сүлүктү, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Ноокат, Кара-Суу, Ак-Талаа, Жумгал, Сокулук жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек айылдык кеңеши боюнча;
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек жана Кыз-Көл айылдык кеңештери боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө жана Ак-Суу айылдык кеңештери боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча;
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылдык кеңеши боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын - Нарын облусунун Жумгал районундагы Жаңы-Арык айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаардык жана Асылбаш, Төмөнкү-Чүй айылдык кеңештери боюнча;
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын - Талас облусунун Талас районундагы Бердике баатыр айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү-Чүй, Ош облусунун Кара-Суу шаардык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Суу айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Сокулук, Кара-Суу, Ак-Суу жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынан чечимдери келип түштү.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу, Тоң, Сүлүктү, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Ноокат, Кара-Суу, Ак-Талаа, Жумгал, Сокулук жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сокулук, Кара-Суу, Ак-Суу жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ак-Суу, Тоң, Сүлүктү, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Ноокат, Кара-Суу, Ак-Талаа, Жумгал, Сокулук жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Ак-Суу, Тоң, Сүлүктү, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Ноокат, Кара-Суу, Ак-Талаа, Жумгал, Сокулук жана Талас аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 7 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ысык-Көл облусу | |||
Ак-Суу район | |||
1 | Кереге-Таш айылдык | Кенжебек уулу Эрмек | Ак-Суу АШК, № 3, 01.02.2023-ж. (27.01.2023-ж. - өз арызы) |
2 | Тулкубаев Алтынбек Турганбаевич | Ак-Суу АШК, № 3, 01.02.2023-ж. (27.01.2023-ж - өз арызы) | |
Тоң району | |||
3 | Ак-Терек айылдык | Турганбаев Асылбек Омурбекович | Тоң АШК, № 16, 13.02.2023-ж. (03.02.2023-ж. - өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Сүлүктү шаары | |||
4 | Сүлүктү шаардык | Абдыназаров Нурбек Рахманбердыевич (2) "Жаңы Доор" депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 2, 03.02.2023-ж. (26.01.2023-ж. - өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Кара-Көл шаары | |||
5 | Кара-Көл шаардык | Нусубалиев Гульжигит Бекболсунович (1) "Ыйман-Нуру" депутаттык фракциясы | Кара-Көл АШК, № 3, 08.02.2023-ж. (03.02.2023-ж. - өз арызы) |
Сузак району | |||
6 | Курманбек айылдык | Шырдаков Мирбек Жаныбекович | Сузак АШК, № 46, 09.02.2023-ж. (07.02.2023-ж. - өз арызы) |
7 | Кыз-Көл айылдык | Эргешов Эрлан Мамарасулович | Сузак АШК, № 48, 09.02.2023-ж. (10.02.2023-ж. - өз арызы) |
Аксы району | |||
8 | Кош-Дөбө айылдык | Көкчөев Арзыгул Абдикеримович | Аксы АШК, № 3, 08.02.2023-ж. (30.01.2023-ж. - өз арызы) |
9 | Ак-Суу айылдык | Дуйшебаева Самара Кубанычбековна | Аксы АШК, № 4, 10.02.2023-ж. (29.01.2023-ж. - өз арызы) |
10 | Ашырбеков Шакирбек Ашырбекович | Аксы АШК, № 4, 10.02.2023-ж. (29.01.2023-ж. - өз арызы) | |
Ош облусу | |||
Кара-Суу шаары | |||
11 | Кара-Суу шаардык | Усманов Ядгарбек Шафкатович (5) "Биздин Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Кара-Суу АШК, № 3, 10.02.2023-ж. (Кара-Суу шаардык жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмү тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилген күнү - 24.01.2023-ж., № KGZ07 0220206, № 51) |
Ноокат району | |||
12 | Төөлөс айылдык | Абдували уулу Айбек | Ноокат АШК, № 3, 08.02.2023-ж. (20.01.2023-ж. Төөлөс а/к № 13-17 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу) |
Нарын облусу | |||
Ак-Талаа району | |||
13 | Баетов айылдык | Аалиев Аманбек Насирдинович | Ак-Талаа АШК, № 92, 09.02.2023-ж. (30.01.2023-ж. - өз арызы) |
Жумгал району | |||
14 | Жаңы-Арык айылдык | Майрамбек кызы Айжан | Жумгал АШК, № 6, 13.02.2023-ж. (10.02.2023-ж. - өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Сокулук район | |||
15 | Шопоков шаардык | Раимкулова Венера Сагынбековна (4) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Сокулук АШК, № 2, 09.02.2023-ж. (30.12.2022-ж. - өз арызы) |
16 | Асылбаш айылдык | Кубанычбек кызы Жадыра | Сокулук АШК, № 3, 09.02.2023-ж. (14.01.2023-ж. - өз арызы) |
17 | Төмөнкү-Чүй айылдык | Шералиев Манас Мыкимович | Сокулук АШК, № 4, 09.02.2023-ж. (07.01.2023-ж. - өз арызы) |
Талас облусу | |||
Талас району | |||
18 | Бердике баатыр айылдык | Кенжебекова Айдана Кенжебековна | Талас АШК, № 1, 20.01.2023-ж. (19.01.2023-ж. - жеке арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 7 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ысык-Көл облусу | |||
Ак-Суу району | |||
1 | Кереге-Таш айылдык | Сатыбалдиев Бактияр Жемабекович | Ак-Суу АШК, № 3, 01.02.2023-ж. (28.01.2023-ж. - өз арызы) |
Ош облусу | |||
Кара-Суу шаары | |||
2 | Кара-Суу шаардык | Жусупов Сүйүнбек Садыкович (21) "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы | Кара-Суу АШК, № 2, 10.02.2023-ж. (09.01.2023-ж. - өз арызы) |
3 | Кенешов Толкунбек Зулумбаевич (23) "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы | Кара-Суйская ТИК, № 3, 10.02.2023-ж. (02.02.2023-ж. - өз арызы) | |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
4 | Төмөнкү-Чүй | Маматкулов Гуломиддин Исломиддинович | Сокулук АШК, № 4, 09.02.2023-ж. (08.02.2023-ж. - өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Аксы району | |||
5 | Ак-Суу айылдык | Анарбекова Турсунай Базарбаевна | Аксы АШК, № 4, 10.02.2023-ж. (30.01.2023-ж. - өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 7 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу район | ||||
1 | Кереге-Таш айылдык | Джангазиев Талант Максимович | Убактылуу иштебейт | Ак-Суу АШК, № 4, 01.02.2023-ж. |
2 | Асанбеков Калыс Бектенович | Убактылуу иштебейт | ||
Тоң району | ||||
3 | Ак-Терек айылдык | Үсөнтүр уулу Жеңишбек | Фермер | Тоң АШК, № 16, 13.02.2023-ж. |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
4 | Сүлүктү шаардык | Омурзаков Бексултан Абдунаимович (5) "Жаңы Доор" саясий партиясы | Греплин боюнча КР Федерациясынын президенти | Сүлүктү АШК, № 2, 03.02.2023-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Кара-Көл шаары | ||||
5 | Кара-Көл шаардык | Сандыбаев Байсалбек Токтогазиевич (7) "Ыйман-Нуру" саясий партиясы | Токтогул ГЭСтин МТКБ бөлүмүнүн башчысы | Кара-Көл АШК, № 3, 08.02.2023-ж. |
Сузак району | ||||
6 | Курманбек айылдык | Нарматов Куралбек Токталиевич | ЖЧК "Тай-Мурас-Транс", айдоочу | Сузак АШК, № 47, 09.02.2023-ж. |
7 | Кыз-Көл айылдык | Бердалиев Жылдызбек Ражабалиевич | Жеке ишкер | Сузак АШК, № 48, 09.02.2023-ж. |
Аксы району | ||||
8 | Кош-Дөбө айылдык | Шакиев Курсантбек Тагайбекович | "Байлык финанс", кредиттик адис | Аксы АШК, № 3, 08.02.2023-ж. |
9 | Ак-Суу айылдык | Чойбекова Тинатин Жумабековна | Пенсионер | Аксы АШК, № 4, 10.02.2023-ж. |
10 | Надырбеков Туратбек Касымбекович | Мугалим | Аксы АШК, № 4, 10.02.2023-ж. | |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу шаары | ||||
11 | Кара-Суу шаардык | Урманов Хабибилла Нематжанович (22) "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт. | Кара-Суу АШК, № 2, 10.02.2023-ж. |
12 | Маматурдиев Зайнобидин Абдурахманович (24) "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Кара-Суу АШК, № 3, 10.02.2023-ж. | |
Ноокат району | ||||
13 | Төөлөс айылдык | Калмурзаев Улукбек Жакшыбаевич | ААК "Кыргызстан" банк, кредиттик адис | Ноокат АШК, № 3, 08.02.2023-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
14 | Баетов айылдык | Келдибек уулу Бердибек | Ак-Талаа райондук архитектура, бөлүм башчысы | Ак-Талаа АШК, № 92, 09.02.2023-ж. |
Жумгал району | ||||
15 | Жаңы-Арык айылдык | Маламкулова Жаркын Сулкарбековна | Медайым | Жумгал АШК, № 6, 13.02.2023-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук район | ||||
16 | Шопоков шаардык | Итибаева Жылдыз Белековна (8) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК, № 2, 09.02.2023-ж. |
17 | Асылбаш айылдык | Качкынбаев Эстен Насирович | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК, № 3, 09.02.2023-ж. |
18 | Төмөнкү-Чүй айылдык | Пириев Киёмидин Асомидинович | Жеке ишкер | Сокулук АШК, № 4, 09.02.2023-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
19 | Бердике баатыр айылдык | Касмалиева Элмира Мелиспековна | Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары | Талас АШК, № 1, 20.01.2023-ж. |